Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

НАТО саммити:Талкууланчы маселе арбын.


Улан Алымкул уулу НАТОнун Прагадагы саммитине уюмга мүчө 19 жана ага өнөктөш 27 өлкөнүн 26сынан мамлекет башчылары же жогорку деңгээлдеги башка расмий өкүлдөр жетектеген делегациялар катышаары күтүлүүдө. Саммитте кеңейүү жолунда бара жаткан НАТО уюмунун келечеги, былтыркы 11- сентябрь окуяларынан кийинки дүйнө контекстинде талкууланмакчы.

Чехия НАТОго мындан үч жыл илгээри кошулган эле. Ал уюмдун саммитинде конок ээсинин милдетин аткарып жаткан алгачкы пост-коммунисттик өлкө. Саммит күндөрү Прагада коопсуздук чаралары күчөтүлмөкчү. Шаардын саммит өтүүчү төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан көчөлөр жабылып, аба мейкиндигин жергиликтүүлөр менен бирге АКШнын аскерий учактары көзөмөлдөйт. Жыйынга чогулуучу 2000 миңдей делегат менен 3000 миңдей журналисттин коопсуздугун камсыз кылуу иштерине тартылуучу полицейлер менен аскерлердин саны 12 миңге чамалаш.
НАТО уюмунун кеңейүү маселеси Прага саммитинин борбордук темасы экени мурдатан бери эле айтылып келүүдө. Бул ирээт НАТО ага кирүүгө талапкер өлкөлөрдүн экинчи толкунунда жети мамлекетке : Латвия, Литва, Эстония, Словакия, Румыния, Словения, жана Болгарияга расмий чакыруу берээри күтүлүп жатат.
Бирок, бул жыйын деле мындан үч жыл мурун Косоводогу аскердик кампания учурунда Вашингтондо өткөн саммиттей дүйнөнүн башка маселелерин талкуулоодон четтей албашы талашсыз. Андыктан, кеңейүү жараяны саммиттин күн тартибиндеги маселелердин бири гана болмокчу. саммиитин күн тартибиндеги маселердин бири гана болмокчу. Британиянын Эл аралык мамилелер боюнча падышалык институтунун мурдагы башчысы, аскерий эксперт Тимоти Гарден мунун себептерин:
"Жети өлкөгө кеңейүү көбүнесе чечилип калган маселе экени анык жана кайсыл бир мааниде саммит мындан кеңири, Американын көңүлү терроризмге каршы согуштун эки багытына : "Аль-кайида " менен 11-сентябрдын проблемасына жана албетте Иракка бурулганын эске алганда кантип өзгөрүш керек деген маселге кайрылаарын шарттодо. Чындап алганда НАТО булардын биринде да роль ойногон жок. Андыктан, менимче талкуулар НАТО кандайча кайра түзүлүш керек деген маселеден алда канча кеңири болот ",- деп түшүндүрөт
Түндүк- атлантикалык союз 1949 –жылы, ал кездеги СССРдин Европадагы таасирине жооп ирээтинде түзүлгөнү белгилүү.Андан берки кырк жыл ичинде НАТО ошондо белгилеген максаттарын орундата алды. Ал эми СССР чачырап, Чыгыш Европада коммунисттик доор аяктагандан тарта НАТО биримдик миссиясынын үстүнөн иштөөдө. Уюмдун Косоводогу аскерий операциясы алдыда ал кездешүүчү жаңы багыттарды чагылдырган алгачкы белги болду. Нью-Йорк менен Вашингтондогу былтыркы чабуулдардан кийин болсо АКШ терроризмге жана массалык кыргын салуучу куралдарга каршы күрөш - НАТОнун башкы милдеттеринен болушун көздөөдө.
Уюмдун баш катчысы Жорж Робертсон өткөн аптада бул маселелер Прага саммитинде каралаарын ырастап :
" Прагада НАТО терроризмге каршы иш чаралардын негизи топтомун жарыялайт. Ал топтомдун жаңы аскердик концепция сыяктуу кээ бир бөлүктөрү, орто деңгээлде соккон тамырдын ылдамдыгына жетпеши мүмкүн. Бирок, бул кадамдын стратегиялык маанисин баалабай кою кыйын ",- деп билдирди.
Баш катчы Робертсон такай айтып жүргөндөй Прага саммитинде "жөндөмдүүлүк " маселеси тууралуу көп сөз болот. НАТОнун ар бир мүчөсү жана ага өнөктөш өлкөлөр өз тарабынан террорчулукка жана массалык кыргын салуучу куралдардан келип жаткан коркунучтарга каршы кандай салым кошо алаары боюнча конкреттүү сунуштар менен чыгаары күтүлүүдө.
Бирок, айрым эксперттер узак убакытка эсептелген стратегиялык өзгөрүүлөр НАТОго мүчө өлкөлөрдөн өз армиясын түп тамырынан бери кайра карап көрүүнү жана көп талаш жаратчу чечимдерди кабыл алууну талап кылаарын, ошондой эле каржы жагынан да кымбатка тураарын белгилешет. Британиялык эксперт Тимоти Гардендиндин айтымында, 1999-жылкы саммитте да арбын убадарлар берилгени менен азыркыга чейн алардын айрымдары гана аткарылды.
Прага саммитинин катышуучулары АКШнын НАТОнун курамы 20 миң аскерден турган Тез аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү жөнүндөгү сунушун да талкуулары күтүлүүдө. АКШнын планы боюнча, жабдуусу мыкты жана чеберчилиги жогору бул аскерлер дүйнөнүн кайсыл бурчунда болбосун чатак чыккан кезде жети күндүн ичинде жайгашууга жөндөмдүү болушу керек. Анткен менен АКШнын планы НАТОнун европалык мүчөлөрүнүн планынан айрымаланат. Маселен, европалык өлкөлөр бейпилдик операциялары үчүн курамы 60 миң аскерден турган бирикмени түзүүнү сунуштоодо.
Айтор, эксперттер белгилегендей жогорудагыдай пландарды ишке ашырууга келгенде талаш жараткан нерсе- каржы маселеси. Европалык өлкөлөр НАТОнун жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн кошумча акча бөлүүгө өтө ынтызаар эмес. Чыгымдардын барын АКШ да өзү көтөргүсү келбейт.
Европалык аскерий эксперттердин дагы бири Ден Плеч чөлкөмдүн өлкөлөрүндө өз аскерий күчтөрүн модернизацияло үчүн ресурс бар деп эсептейт, бирок маселе саясатчылардын ал акчаларды башка долбоорлордон которуусунда жатат:
"Менимче бул жерде түшүнбөстүктөр менен өзүнө өзү канааттануу көп деп ойлойм. Европалыктар бирин бири кайталаган аскерий система үчүн арбын акча коротот. Алар белгилүү бир милдети жок суу алдында жүрүүчү көп сандагы кемелерди кармоодо. Европалыктарга акчаны көп коротуунун зарылдыгы жок, алар ошол акчаны азыр сарамжалдуулук менен гана жумшоого муктаж ", -дейт аскерий эксперт.
Прага саммитинде Украинанын Иракка радардык жабдууларды сатышына байланышкан маселер жөнүндө да сөз болушу мүмкүн. НАТОнун тоскоолдугуна карабай өлкө президенти Леонид Кучма Прага келип, саммит күндөрү өтүүчү НАТО-Украина коммиссиясынын жыйынына катышууга ниеттенүүдө. Чехия тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү адам укугун бузууларга байланыштуу Беларус президенти Александр Лукашенкого виза берүүдөн баш тарткандыктан, саммитке Минскиден эч ким келбейт. Ал эми Орусиядан жыйынга өлкөнүн тышкы иштер министри Игорь Иванов катышат. Москва азыр деле уюмдун кеңейишине каршы. Орус президентинин кеңешчиси Сергей Ястржембски өткөн аптада анын себебин:
" Биз кеңейүү модели - инерциялык модел, коопсуздукту камсыз кылуунун инерциялык ыкмасына негизделген деп эсептейбиз. Анткени, бул кеңейүүнүн биринчи баскычынан кийин эле анык болду. Чехия, Польша же Венгрия НАТОго киргенден кийин анын эл аралык террорчулукка каршы тез жана натыйжалуу аракеттенүүсүнө эч салым кошкон жок. Бул үч өлкөнүн механикалык кошулуусунан НАТОнун террорчулука каршы күрөшүү жөндөмдүүлүгү жакшырбады", -деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG