Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

УРАЙНАДАГЫ КАЧКЫНДАР МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП Европа мамлекеттериндеги турмуш деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүкүнөн алда канча жогору болгондуктан, Азия жана Африка тургундары көп жылдардан бери Европага жетүүгө аракеттенет. Жакында Европа Биримдигине Чыгыш Европалык жумурияттар да кирүүгө камданып жатканда, азиялык качкындар Чыгыш Европага да умтулууда, бирок андан бир топ күтүлбөгөн маселелер чыгууда.

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин - Чыгыш Европалык 10 мамлекет - Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия, Словения, Чехия жана Эстония - 2004-жылга чейин Европа биримдигине мүчө болууга чакырылышы күтүлүүдө. Ошондуктан, мурда Англия, Алмания же башка өнүккөн европалык мамлекеттерге барып, качкын макамын алып жашоого умтулган Азия же Африка тургундары акыркы мезгилде - Чыгыш Европалык өлкөлөргө жетип, алардын убактылуу тургуну же качкыны болуп алууга умтулууда. Бир нече жылдан кийин бул өлкөлөр Европа Биримдигине кошулганда, чек аралар ачылат жана биримдиктин каалаган мамлекетине кетүү мүмкүн болуп калат.

Алмания, Улуу Британия же Дания сыяктуу мамлекеттер мындай көрүнүштүн алдын алып, мурунтан эле виза тартиптерин күчөткөн. Мындан эки-үч жыл мурда Улуу Британияга бараткан салга салынган үстү жабылган машинеде Кытайдан келаткан 50-гө жакын адам аба жетпей өлүп калгандан кийин, чек ара текшерүүлөрү ого бетер татаалданган. Европа Биримдигине талапкер өлкөлөрдүн чек арасынан өтүү да бир топ кыйын, бирок Европа же Америкага жетүүнү каалаган адамдарды мыйзамсыз ташуу бизнеси акыркы жылдарда эбегейсиз өнүктү жана аны оңой токтото албайсың.

Ошондуктан, кээде ачык жана орой алдоолор да болот. Мисал үчүн, өткөн жылы кышында Казакстандын кар баскан талаасында 20-га жакын Ооган жараны табылганы белгилүү. Европага жеткиребиз деп акча алган бизнесмендер аларды чүмкөлгөн машине менен Казак талаасына алып барып: мына, Алманияга жеттик, - деп, кыштын кыраан чилдесинде машинеден чыгарып салып баса берген.

Акыркы мезгилде болсо, Европа Биримдигине кошула турган Словакия менен чектеш Украйнага андай качкындар көп келе баштады. Алардан акча алгандар: Украйн-Словакия чек арасынан оңой эле өтсө болот, - деп, Ирак, Ооганстан же Сомалиден миңдеген адамды Украйнага алып келип таштайт. Чек арадан алардын кээ бирлери чындап эле өтүп кетет, бирок миңдегендери кармалып калып, өз мекенине да кеткиси жок болгондуктан, Украйнага кошумча түйшүк жаратууда.

Украйна чек ара кызматынын басма сөз катчысы Эдуард Стеблюктун айтымында, өлкөгө мыйзамсыз келгендер кайсы мамлекеттен экендигинен - дүйнөнүн кайсы аймактарында азыр турмуш эң начар экендигин боолгоп билүү мүмкүн. Мисал үчүн, акыркы мезгилде Украйнага Ирактан абдан көп качкын келе баштады жана андан бир топ кошумча маселе чыгууда. Эгер мурда Виетнам же Кытайдын өкмөттөрү менен сүйлөшүп, Украйнада кармалган качкындарды мекенине кайра кайтаруу мүмкүн болсо, Ирак менен андай сүйлөшүү жүргүзүү өтө кыйын жана качкындар, өзгөчө эгер алар Күрд болсо, Иракка кайтууну эч каалабайт.

Үстүбүздөгү жылы эле Украйнада бир миңге жакын андай качкын кармалды. Тышкы иштер министирлигинин иммиграция бөлүмүнүн кызматкери Геннадий Москальдын айтымында, бардыгы болуп азыр өлкөдө 16 миңге жакын мыйзамсыз качкын бар. Алар үчүн Украйна өкмөтү токойдо атайын айылдарды да курган, бирок каражаттын жетишсиздигинен, андагы жашоо кыйын. Кыш түшүп баратканда болсо, маселе көбөйүүдө. Качкындардын көпчүлүгү Украйн тилин билбейт жана гречка боткосун өмүрүндө биринчи жолу көрүүдө. Өкмөт алардын турмушуна күнүнө бир доллардан ашык сарптай албайт, бирок, мисал үчүн, Сомалиден келген 22 жашар Аниса деген кыздын айтымында, мындай абалдагы жашоо баары бир анын мекениндегиден алда канча жакшы.
XS
SM
MD
LG