Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

Гавел НАТО саммити жөнүндө


Эсенбай НУРУШЕВ Чехиянын президенти Васлав Гавелдин баасында,НАТОнун Прагадагы са ммити Түндүк Атлантикалык альянстын бурулуш учурун билдирет.Уюмга жаңы мүчөлөр- дүн кабыл алынышын кубаттап,Гавел муну бир кезде бүлүнгөн евро-атлантикалык мада- ниятты бүтүндөп кайра бириктирүү процесси катары сыпаттады.Бирок Гавел бул альянска Россиянын кошулушун колдобойт.

Президент Васлав Гавел баарыдан мурда Прага саммити НАТОнун элүү үч жылдык тарыхындагы маанилүү бурулуш болот деп ишенет.”Бу жыйын альянсты кайра куруу,өзгөргөн жаңы дүйнөдө анын жаңы ордун аныктоодо маанилүү кадам болууга ти- йиш.Мунун баары жыйындын документтеринде белгиленет.Бу өзгөчө маанидеги талкуу-та- ңаш болмокчу”, деп айтты чех президенти шейшемби күнкү пресс-конференцияда.Гавел- дин айтымында,саммит маалында дагы жети өлкө НАТОго мүчө болгонго ырасмий түрдө таклипнама алмакчы.Гавел альянска талапкерленген башка өлкөлөрдүн,алардын ичинде Румыния менен Болгариянын бу жолу болбосо кийинки мөөнөттө НАТОго кошуларынан шек кылбайт. “Менимче,Европанын орто жана чыгыш өлкөлөрү эгер азыр болбосо кийинки эки,төрт же беш жыл ичинде альянска алынат.Менин оюмча,евро-атлантикалык маданий жана географиялык чөйрөгө ошондой эле Албания,Хорватия,Македония,Сербия жана Черногория да кошулат”, -деп билдирди Гавел.Балтикалык үч өлкөнүн НАТОго алынышы, Гавелдин пикиринде,евроатлантикалык улуттардын көп жыл бою алыстап кетип,кайра та- бышкан учуру болмокчу.Чех президенти ошондой эле НАТО менен Россиянын ортосундагы мамилелердин жакшырышын маанилүү деп эсептейт,бирок орус коомун Гавел евроатлан-тикалык маданиятка кошпойт.”Россиянын альянска мүчө болушун мен,чынымды айтсам, элестете албайм.Мындай иш,менимче,биздин кызматташтыгыбызды аксатып же жолубуз- ду кыйындатып коюушу мүмкүн”,- деп айтты Гавел. Пресс-конференцияда журналисттер чех өкмөтү эмне үчүн белорус президенти Александр Лукашенкого виза бергенден баш тартканына да кызыгышты. Белоруссия НАТОнун тынчтык үчүн өнөктөштүк программасына катышат,мындан тышкары ал,Гавелдин сөзү боюнча,”европа регионундагы маанилүү өлкөлөрдүн бири,ошондуктан альянс Белоруссия менен кызматташууга тийиш.Лукашенкого виза берилбегени Белоруссияга жана анын элине кыр салуу дегенге жатпайт.Бул болгону Александр Лукашенконун авторитардык башкаруу ыкмасына биздин терс мамилебизди га- на билдирет”,деп түшүндүрдү чех президенти.
Гавел НАТОнун реформасына байланышкан дагы бир катар соболдорго жооп берди.Атап айтканда,альянс өз юрисдикциясынан тышкаркы аймактарда,чех президентинин ою боюнча, өтө зарыл жагдайларда гана атайын операцияларды өткөрүүгө тийиш.Альянстын жаңы ордун жана озуйпасын аныктоодо Прага саммити маалындагы талкуулар чоң мааниге ээ болорун белгилеп,Гавел “бул саммит чынында эле сыноо болот,аны биз атайылап тары- хый окуялар менен процесстерге тушташтырып пландагандан эмес,альянстын маани-маңызы,дегеле андан башка көп жагынан,мисалы,евро-америкалык мааниси жагынан да сынак болот” деп ырастады.Ошону менен бирге Гавел:”Прага баарыбыз ушул сынактан өт- көн жай катары тарыхта каларына ишенем”,-деп айтты.
XS
SM
MD
LG