Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

ПРАГАДАГЫ НАТО САММИТИ


Нарын АЙЫП 21-22-ноябр күндөрү Прага шаарында НАТО уюмунун бийик жолугушуусу өтүүдө. Ага катышууга келген Америка кошмо штаттарынын президенти Джордж Буш 20-ноябр күнү Прагада Чехиянын президенти Вацлав Гавел жана башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, бийик жолугушуунун максаты жана өзгөчөлүктөрүн талкуулады.

Прагада өтүп жаткан НАТО уюмунун саммитинде Чыгыш Европалык жети жумурият - Болгария, Латвия, Литва, Словакия, Словения, Румыния жана Эстония уюмга мүчө болууга чакырылат. НАТОнун 53 жылдык тарыхында мурда мынчалык көп сандагы өлкө бир мезгилде уюмга мүчө болуп кирген эмес. НАТОго азыр 19 мамлекет мүчө жана ал 1949-жылы негизделгенден кийин, 1952-жылы уюмга үч өлкө - Алмания, Грекия жана Түркия, ал эми 1982-жылы Испания кошулган. Кансыз согуш аяктагандан кийин, НАТО өз максаттарын өзгөртө баштады жана 1999-жылдын март айында ага Чыгыш Европалык үч өлкө - Мажарстан, Польша жана Чехия кошулган.

Уюмдун азыркы кеңейиши - ага мурдагы үч советтик жумурият, Латвия, Литва жана Эстониянын кошулушу менен өзгөчөлөнөт. СССР чачырагандан кийин, Балтик жээгиндеги бул үч өлкөнүн демократиялык жана экономикалык өнүгүүсү башка советтик жумурияттардыкынан асман менен жердей айырмаланат жана алардагы турмуш деңгээли азыр калган европалык өлкөлөрдүкүнөн кем эмес.

20-ноябр күнү Прага шаарында Чехиянын президенти Вацлав Гавел менен жолуккандан кийин, АКШ президенти Джордж Буш журналисттерге - жаңы жети жумурияттын НАТОго кирип жатканын ал өтө жогору баалагандыгы тууралуу айтты: "Өз тарыхында эркиндикти бардык мүмкүн болгон чара менен коргоого үйрөнгөн өлкөлөрдүн НАТОго кошулушун мен кубаттайм. Алардын уюмга кириши НАТОго жаңы дем берет. Алардын кошулушу НАТОнун аскерий жана тынчтык орнотуу максаттарына гана жардамдашпастан, бул өтө маанилүү уюмдун рухуна рух, кайратына кайрат кошот.

Саммит башталардын алдында Буш Прагада, андан тышкары, НАТОнун башкы катчысы Джордж Робертсон, Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер, Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен жолугуп, дүйнөдөгү акыркы абал жана НАТОнун жаңы максаттарын талкуулоодо. Бийик жолугушуудан кийин Буш Санкт-Петербургга барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат, андан соң Вильнюс шаарында - үч Балтик жумуриятынын президенттери менен сүйлөшөт.

НАТОнун Чыгышка кеңейиши көптөн бери Орус саясатчыларын тынчсыздантып келет, ошондуктан, Буш менен Путин талкуулай турган маселе көп. Кансыз согуш аяктагандан кийин, Маскөө 90-жылдарда: Варшава пакты таркап кеткен сыяктуу, НАТОнун дагы кереги жок болуп калды, - деп чыккан. Акыркы жылдарда болсо, президент Путин: НАТОго келечекте Орусия да кошулушу мүмкүн, - деген ойду эки-үч жолу кайталап, Маскөө менен НАТО ортосундагы мамилени жумшартты.

Прага саммитинде болсо, НАТОнун жалпы мааниси кайра карап чыгылып, уюмдун учурга талаптуу максаттары аныкталууга тийиш жана, албетте, Ирак маселеси кеңири талкууланат. Президент Буштун айтымында, акыркы мезгилде эл аралык терроризм күчөп, кээ бир мамлекеттер кеңири кыруучу куралдарды колдонуу коркунучу пайда болуп жатканда, НАТО сыяктуу уюмдар жана бүткүл дүйнөлүк коомчулук биригип, ал коркунучтарга ар башка ыкма менен жооп берүүгө тийиш. Президенттин жардамчыларынын пикиринде, НАТОнун ичинде азыр эч маселе же коркунуч жок жана коркунуч сырттан келүүдө, ошондуктан, ал коркунучтарды жок кылуу үчүн, чечкиндүү чара көрүлүүгө тийиш.

18-ноябр күнү "Азаттыктын" кабарчысы менен Вошингтондо жолукканда, президент Буш: эгер Ирак кеңири кыруучу курал өндүрүү программасын токтотпосо, ага каршы АКШ эл аралык коалиция түзүп, аны жетектейт, жана Иракты куралсыздандыруу жараянына НАТО да кошулушу мүмкүн, - деп айткан. 1999-жылдын жаз айларында НАТО мурдагы Югославияны бомбалагандан кийин, башка орчундуу эл аралык маселелерди чечүүгө өтө деле жигердүү катышкан эмес жана АКШга былтыр жасалган террор аракеттеринен кийин да терроризмге каршы коалицияны АКШ өзү жетектеген.
XS
SM
MD
LG