Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

ОРУСИЯ-НАТО МАМИЛЕЛЕРИ


Нарын АЙЫП Токсонунчу жылдардын ортосунда НАТО уюмунун Чыгыш тарапка кеңейишине Маскөө катуу каршы чыккан жана бул маселе эң жогорку деңгээлде талкууланып келген. Азыр болсо, уюмга улам жаңы Чыгыш Европалык жумурият кошулганына Маскөө көңүл кош кароодо жана анын себептери бар.

Прага шаарында 21-22-ноябр күндөрү НАТОнун бийик жолугушуусуна катышкандан кийин, АКШ президенти Джордж Буш Санкт-Петербургга барып, Орус президенти Владимир Путин менен жолугат, бирок эксперттердин айтымында, ал жолугушууда НАТО менен байланыштуу маселелер каралбайт. Акыркы жылдарда Путин бир нече жолу: НАТО уюмуна келечекте Орусия өзү да кошулушу мүмкүн, - деп айткандан кийин, мурда өтө татаал болуп көрүнгөн маселе күн тартибинин төмөн жагына түштү жана НАТОго мурдагы социалисттик жумурияттар кошулуп жатканына Маскөө каршы чыкпай калды.

Америкалык Карнеги фондунун Маскөөдөгү борборунун деректири Роберт Нөриктин айтымында, Орус жетекчилиги алдында азыр НАТОнун кеңейишинен башка орчунду маселелер көп: "Орус саясатчылары - алар НАТОнун кеңейишин жактырбаганын жашырбайт, бирок андан кошумча проблема чыгарууну да каалабайт. Менин оюмча, алар - Орусия үчүн азыр андан алда канча маанилүү маселелер бар экендигин түшүндү".

НАТО - аскерий уюм жана анын Орус чек арасына жакындаганына каршы чыгууга Маскөөнүн себептери көп. Уюмга кошулуп жаткан Латвия, Литва жана Эстония, мисал үчүн, Европадагы жөнөкөй куралдардын санын чектөө келишимине кол койгон эмес, ошондуктан, келечекте алардын аймагында кошумча курал топтолушу мүмкүн. Ошол эле учурда, Маскөө каршы чыкса да, чыкпаса да, Чыгыш Европалык жумурияттардын НАТОго умтулганын токтотуп, анын алдын ала албаганын Орус жетекчилиги түшүндү. Экинчиден, өткөн жылдан бери АКШ менен Орусия эл аралык терроризмге каршы биргелешип аракеттене баштагандан соң, НАТО маселеси боюнча чатак чыгаруудан - ал кызматташууга зыян гана тийээри да ачык болуп калды.

Аны менен катар, НАТОнун кеңейиши Орусия үчүн стратегиялык жактан пайдалуу да болууда. Биринчиден, кайсы бир эл аралык уюмга канчалык көп мамлекет мүчө болсо, ал уюмдун өтөлгөсү төмөндөйт. Ага - дүйнөнүн бардык өлкөлөрү мүчө болгон Бириккен улуттар эле мисал. Экинчиден, НАТОго мындан үч жыл мурда биринчи Чыгыш Европалык жумурияттар кошулгандан кийин, маселенин оордугу жоголду.

Маскөөдөгү "Политика" аттуу фонддун деректири Вячеслав Никоновдун айтымында, НАТОнун кеңейиши Орусия үчүн пайдалуу: "Европада бирдиктүү коопсуздук системасы болуш керек, - деп эсептеген Путин НАТОнун кеңейишин ката деп баалайт, бирок Батыштын андай катага баруусун ал токтото албайт."

Чындап эле, акыркы мезгилде НАТО уюму эл аралык орчундуу маселелерди чечүүгө көп катышпай калды жана, мисал үчүн, эл аралык терроризмге каршы күрөштү Америка кошмо штаттары өзү жалгыз жетектөөдө. Азыр АКШ - мурда Рим же Моңгол империялары жетпеген дөөлөткө жетти, анын деңиз аскерлери - дүйнөнүн бардык мухиттерин көзөмөлдөйт, аскерий базалары дээрлик бардык континенттерде бар, анын доллары болсо, бардык өлкөлөрдө кудуретке ээ. Мындай абалда дүйнөлүк маселелерди Вошингтон өзү чечүүгө кызыкдар жана кудуреттүү жана аны түшүнгөн Маскөө дагы - андай дүйнөлүк маселелерди НАТО же Бириккен улуттар аркылуу чечкенден мурда, Америка кошмо штаттары менен тикелей сүйлөшүп, дүйнөдөгү жалгыз дөөлөт менен түз кызматташууну каалайт.
XS
SM
MD
LG