Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

Жаңы жазуу эрежелери


Бекташ Шамшиев Мамлекеттик тил комиссиясы, Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын, тилчи илимпоздордун аракети менен кыргызча жазуунун жаңы эрежелери иштелип чыкты. Өкмөт токтомуна ылайык ал эмдиги жылдан тарта ишке киргизилмекчи.

Советтер бийлиги тушунда кыргыз жазуусу үч ирет олуттуу дегидей өзгөрүүнү башынан кечирди. 1928-жылга чейин реформаланган араб ариби пайдаланылса, андан 1940-жылга чейин улутташтарыбыз латын тамгасынын үзүрүн көрүп келди. Сталиндик жаалы катуу заманда советтер курамындагы майда улуттардын баки-жогу кириллицага өткөрүлүп атканда кыргыз жазуусу үчүнчү реформага көчтү. Республика эгемендик алгандан кийин кыргыз тилчилери жаамы түрк калктарынын катарында кайрадан латын тамгасына өтүү сунушун айта башташкан. Азырынча андай изги тилектин чынга чыгышы биралдын экономикалык оорчулукка барып такалса, экинчи жагынан орус тилинин жалындуу жактоочуларынын ачык-тымызын каршылыгына кабылып, бир жактуу чечиле элек. 1953-жылы кабыл алынган кыргызча жазуу эрежеси, анын негизинде чыккан орфографиялык сөздүктө эне тилибиздин ички табиятына анча коошо бербеген айрым бир ачакейликтер бар болчу. Бул айрыкча орус тилинен оошкон, ал аркылуу кирген татаал сөздөрдүн, энчилүү аттардын жазылышына тиешелүү.

Эгемендик тушунда кыргызча жазуунун орфографиялык талаптары катаң сынга туш келип, көпчүлүк басылмаларда эне тилдин нукура туюнтуу мүмкүнчүлүгү айрым адис-тилчилердин каршылыгына карабастан колдонулуп келди. Ушу тапта деле тигил же бул сөздүн жазылышы жаатында талаштар чыгып келатат. Кыргызча жазуунун жаңыланган эрежелерин түзүүгө катышкан тилчи, профессор Ибраим Абдубалиевдин пикири боюнча, соңку жылдардагы тилдик карым-катыштардын күчөшү мурунку орфографиялык эрежелердин өзгөрүшүн шарттоодо."Мурунку эрежеде орус тилинен кирген сөздөр кандай айтылып, кандай жазылса кыргыз тилинде деле өзгөрүүсүз жазылат, деп айтылып калган", дейт профессор. Жаңы эрежеде тилде бекем орун-очок алып калган мурунку эреже-талаптардын көпчүлүгү калтырылды . "Жаңы эреже таптакыр өзгөртүлгөн жок. Мурунку эреженин мыкты бөлүмдөрү - макамдары мында деле сакталды. Жаңы эрежеде деле 36 тама сакталып калды. Альфавиттен кайсы бир таманы алып салуу жогортон чечилчү маселе экен. Комиссия мүчөлөрү көп болгондуктан ал маселе чечилбей калды. Мурдаы калыбында калды. Энчилүү аттар менен татаал сөздөрдүн жазылышы мурдагы эрежеден биртоп айырмаланат. Энчилүү аттардын жазылышы менен татаал сөздөрдүн жазылышы тыгыз байланышта. Кыргыз тилиндеги энчилүү аттардын 90% татаал сөздөрдөн турат. Мисалы адам аттарынын дээрлик баары татаал сөздөр. Жер-суу аталыштары деле ошондой, 80-90% ошондой. Булар энчилүү аттар, демек, экөөнүн жазылышы бир эрежеге баш ийиши керек. Мукабеткалый деп бириктирип жазгандай эле Ысыккөл, Чоңсарой деп бириктирип жазуу жаңы эрежеге сунуш кылынып атат" дейт профессор. Ибраим Абдубалиев орус тилинен кирген айрым сөздөрдүн жазылышы мурдагы калыбында сакталганын, аны нака кыргыз тилинин эрежесине ылайыктоого айрым илимпоздор дагыле каршы экенин жашырган жок . "Орус тилинде кандай айтылып, жазылса кырыз тилинде да ал сакталат, деген эреже айрым сөздөрдө сакталып калды. Комиссия мүчөлөрү көпчүлүк, анан да бул аябай татаал маселе экен, саясаттын да аралашкан жери болсо керек",- дейт Абдубалиев.

Кыргызча сабаттуу жазуу ушу азыр да олуттуу проблема бойдон калууда. Бул ириде конкрет инсандын жөндөм-шыгына, нукура тилдик туюмуна тийиштүү өзүнчө өнөр экени айтпасак деле түшүнүктүү. Жайнаган басылмалардын арасынан өрнөктүү текст табыш кыйын, антсе да эне тилибиздин туюнтуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, калкына көөнөрбөс көркөм кенчтерди жараткан, жаратып аткан сөз зергерлери деле биртоп. Бул улуттук тилдин болочогуна оптимисттик маанай тартуулабай койбойт.
XS
SM
MD
LG