Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

НАТОго ЖАҢЫ МҮЧӨЛӨР ЧАКЫРЫЛУУДА


Нарын АЙЫП 21-ноябр күнү Прага шаарында НАТО уюмунун эки күндүк бийик жолугушуусу ачылды. Анын алгачкы жыйынында - мурдагы социалисттик жети Чыгыш Европалык жумурият уюмга мүчө болууга расми түрдө чакырылды.

Прагадагы саммиттин биринчи жыйынында НАТО уюмунун башкы катчысы Джордж Робертсон - уюмга мүчө болууга жети жаңы өлкөнү чакырды: "Ошентип, Түндүк Атлантика Кеңешинде мен НАТО уюмунун мамлекет жана өкмөт башчыларынын алдына жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн баштаганыбызды билдирем. Алар - Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Румыния, Словакия жана Словения. Мен: бул маселе макулдашылды, - деп эсептейм. Чоң рахмат. Кеңеш ушинтип чечти."

Эми НАТОго мүчө бардык 19 мамлекеттин жетекчилиги бул чечимди жактыргандан кийин, аталган жети жумурият 2004-жылы уюмга мүчө боло алат. НАТОнун Чыгыш тарапка кеңейиши тууралуу маселе - 80-жылдардын аягында социалисттик система ыдырай баштаганда биринчи көтөрүлгөн. Бирок Мажарстан, Польша жана Чехословакия 91-жылдын башында Варшава пактынан чыгып кеткенден көп узабай СССР да чачыраган жана кээ бир саясатчылар: Варшава уюму жок болуп, кансыз согуш аяктагандан кийин, эми НАТОнун да кереги жок, - деп чыккан.

Анткен менен, социалисттик тоталитаризмден жаңы кутулган Чыгыш Европалык жумурияттар өзүнүн жаңы жеткен эгемендүүлүгү үчүн эң күчтүү кепилдикти - так ушу НАТО уюмунан көргөн жана: уюмду сактап калууга дал ушу Чыгыш Европа элдери эң чоң салым кошту, - десе болот. НАТОго жаңы өлкөлөрдүн кошулушуна Орусия катуу каршы чыгып келген, бирок узак жана татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1999-жылдын март айында НАТОго - мурдагы үч социалисттик жумурият - Мажарстан, Польша жана Чехия кошулду. Маскөөдөгү бийликке Владимир Путин келип жана өзгөчө эл аралык терроризмге каршы кеңири аракеттер башталгандан кийин, уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга эч ким каршы болбой калды.

НАТО уюму 1949-жылдын апрел айында Түндүк Америка жана Батыш Европа мамлекеттери тарабынан Вошингтон шаарында негизделген. 1952-жылы уюмга Грекия менен Түркия, 1955-жылы Алмания жана 1982-жылы Испания кошулган. Бирок Испания - уюмдун аскерий келишимдерине кол койгон эмес, андан мурда болсо, 1966-жылы Франция дагы НАТО келишиминин аскерий болүгүнөн чыгып кеткен.

Азыр дагы, уюмга кирген өлкөлөрдүн саны жыйырмадан ашып жатканда, НАТО аскерийден мурда саясий уюмга айланууда жана акыркы жылда дүйнөдө орун алган эл аралык терроризмге каршы аракеттерге кошулбастан, мүмкүн баштала турган Иракка каршы согушка да НАТО катышпай тургандай. Анткен менен, уюм - Европадагы азыр бирден бир күчтүү аскерий уюм жана анын 50 жылда топтогон тажрыйбасы - ага мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун кепилдей алат.

НАТОну негиздеген келишимдин 5-беренесинде - уюмдун кайсы бир мүчөсүнө кайдан болбосун кол салынса, ал - уюмдун бардык мүчөлөрүнө кол салгандык болуп эсептелет, - деп жазылган, ошондуктан, НАТОну эми - жалпы Европалык коргонуу уюму десе болот. Эң негизгиси болсо, ага кошулуп жаткан Чыгыш Европалык жумурияттар, биринчиден, күчтүү уюм тарабынан өз коопсуздугуна жана эгемендүүлүгүнө кепилдик алууда, экинчиден, коммунисттик тоталитаризмдин айынан ажырап калган Батыш маданиятына өздөрүн кайрадан кошулгансып сезүүдө.

Прага саммитинде - НАТОго жаңы мүчөлөрдү кабыл алуудан тышкары, Ирак маселеси жана 20 миң аскерден турган уюмдун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү маселелери каралууда.
XS
SM
MD
LG