Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ПРАГАДАГЫ НАТО САММИТИ


Нарын АЙЫП 21-ноябр күнү Прага шаарында НАТО уюмунун эки күндүк саммити башталды жана ал күнү - уюмга жети Чыгыш Европалык жумуриятты жаңы мүчө кылып кабыл алуу жана уюмдун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү тууралуу чечимдер кабыл алынды.

НАТОнун башкы катчысы Джордж Робертсон Прагадагы саммитти - уюмдун тарыхый жолугушуусу деп баалады: "НАТО үчүн Прага жолугушуусу - өзгөрүүлөр саммити, ал чындап эле альянс үчүн өтө маанилүү окуя болууда. Биз жаңы мүчөлөрдү кабыл алуудабыз, уюмдун миссиясын кайра кароодобуз, анын аскерий мүмкүнчүлүктөрү жаңыланып, бүткүл Европа-Атлантикалык аймактагы кызматташуу байланыштары күчөөдө".

Чехиянын президенти Вацлав Гавелдин айтымында дагы, Прага саммити - бир кезде экиге бөлүнгөн Европаны кайра бириктирди, анткени эми Европанын бардык мурдагы социалисттик өлкөлөрү кайрадан Европалык кошуунга кайтып келүүдө.

Прагада Ирак маселеси да талкууланды жана саммиттин бардык катышуучулары - жакында Ирак боюнча кабыл алынган Бириккен улуттардын резолюциясын колдоду, бирок ал чечимди ишке ашырып, Иракты куралсыздандыруу багытында НАТОго мүчө өлкөлөр тарабынан кандайдыр бир биргелешкен аракет көрүү тууралуу эч чечим кабыл алынган жок. Америка кошмо штаттары да мурда - Ирак маселесин чечүүгө НАТОнун кийлигишүүсүнүн кереги жок экендигин билдирген. Анткен менен, уюмга мүчө өлкөлөр Прагадан Иракка кайрылып, аны - кеңири кыруучу куралдарды жок кылуу боюнча Бириккен улуттардын чечимин аткарууга чакырды.

Андан тышкары, Прагада - НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү тууралуу да чечим кабыл алынды. Жыйырма миңге жакын адамдан турган ал аскерий топ - техника жагынан эң жогорку деңгээлде жабдылып, абдан ийкемдүү жана жигердүү аракеттенип, кургакта да, деңизде да, асманда да кандай болбосун операция жүргүзүүгө кудуреттүү болот жана террорчулук сыяктуу көрүнүштөргө каршы колдонулат. Аскерий топ 2004-жылдын октябр айына чейин түзүлүүгө тийиш жана 2006-жылдын октябр айында өз ишине толук киришет. Андан тышкары, Прагада - НАТОнун аскерий жетекчилигинде дагы реформа жүргүзүп, аны модернизациялоо жөнүндө макулдашылды.

Бирок Прага саммитинин биринчи күнүнүн негизги жыйынтыгы - НАТО уюмуна жети мамлекет жаңы мүчө болууга расми турдө чакырылганы болду. НАТОнун 53-жылдык тарыхында мынча көп сандагы өлкө бир мезгилде уюмга кошулган эмес. Америка кошмо штаттарынын президенти Джордж Буш жаңы мүчө-мамлекеттердин кабыл алынышын кубаттады: "Бүгүн кабыл алынган чечимди Америка кубаттайт. Америка кошмо штаттары мүчө болгон эң маанилүү уюм - НАТОго - андан бир топ жаңы күч кошулат, - деп биз ишенебиз. Жаңы жети мүчөгө биз: куш келиңиз, - дейбиз жана алар бул улуу демократиялык уюмга жаңы дем кошуп, анын мүмкүнчүлүктөрүн арттырат, - деп ойлойбуз".

Ал эми "Азаттык" үналгысынын Прагадагы баш ордосуна келген Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе 21-ноябр күнү: НАТОго Грузия дагы кошулгусу келгенин айтты: "Мен силерге бир сыр айтайын. Эртең мен өз сөзүмдө - Грузия НАТО уюмунун мүчөсү болууну каалаганын жарыялайм. Албетте, аны ишке ашыруу үчүн убакыт керек жана Грузия НАТОго - өзү даяр болгондо гана кире ала турганын биз түшүнөбүз".

Ошентип, Балтика өлкөлөрүнөн кийин НАТО уюмуна келечекте СССРдин башка жумурияттары да кошулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG