Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

ПРАГА САММИТИ: ЭКИНЧИ КҮН


Эсенбай НУРУШЕВ Прага саммитинин экинчи күнү негизинен НАТОнун жоопкерчилик зонасына кирбеген аймактарга арналды.Атап айтканда,Россия-НАТО кеңешинин, анын соңунан евро-атлантикалык өнөктөштүктүн жыйыны болуп өттү. Ошентсе да байкоочулар НАТОго жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу чечимин, Ирак проблемасы боюнча жетишилген мунасаны саммиттин башкы жыйынтыгы катары атап жатышат.

Россия-НАТО кеңешинин жыйыны аяктаган соң альянстын баш катчысы Жорж Робертсон түндүкатлантикалык союз менен Москванын ортосунда жаңы мамилелер башталга нын жарыялады.Ал эмдиги айдын башында Москвага визит менен барарын бышыктады. “Бүгүнкү жыйында көп маселелердин ичинен Москвадагы барымта кризиси да сөз болду жана министрлердин баары Россияга тилектештик билдиришти”,-деп айтты Робертсон.Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов альянстагы реформаларга кубаттоо билдирип, Латвия жана балтикалык башка өлкөлөр менен коңшулук, өз ара пайдалуу кызматташтыкка кызыкдар экенинин Москва такай белгилеп келгенин ырастады. Экс-советтик бул үч республиканын альянска мүчө болгонго чакырык алганын комментариялап, Латвиянын президенти Вайра ВикеФрайберга Прагадагы чечим мурдагы “ совет империясынын тушундагы түшүнүктөрдөн арыла албаган россиялык айрым күчтөргө эскертүү болду, эски мезгил биротоло тарыхтын аңгегине ташталды” деп айткан эле. Айтмакчы, британдык “Гардиан” гезити балтикалык өлкөлөргө,анын ичинде Литвага альянска алынган соң жылына 240 миллион доллар суммасында мүчөлүк акы төлөп турганга, мындан тышкары ички дүң продукциясынын 2 процентин коргонуу тармагына сарптаганга туура келерин көрсөтүп, экономикасы төмөндөп бараткан бул үч республиканы алдыда олуттуу кыйынчылыктар күтүп жатканын эскертет. Ал эми НАТО болсо ыкчам аракеттеги конитенгент түзүп,ага негизинен антитеррордук милдет жүктөмөкчү болду. Альянстын антитеррордук операцияларына Россия кандай өлчөмдө жана формада катышат, министр Ивановдун сөзү боюнча, Москва муну атайын консультациялардан кийин аныктайт. НАТОнун борборазиялык өлкөлөр менен кызматташтыгы да негизинен антитеррордук кампаниянын рамкасында талкууланды.Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун сөздөрү боюнча, саммитте борборазияга да көңүл бурулду,антитеррордук кампанияга активдүү катышканы үчүн альянстын же текчилери Кыргызстанды өзгөчө бөлүп көрсөтүштү. Кыргызстан региондо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча НАТО менен мындан ары да кызматташат, бирок ага мүчө болуу жөнүндө маселе азырынча, атүгүл жакынкы перспективада деле коюлушу күмөн, деп билдирди кыргыз министри.
Саммиттин экинчи күнү НАТО-Украина комиссиясынын да жыйыны болуп, анда негизинен Киевди Иракка радарлык система сатты деген айыптоолордун тегерегинде сөз болду. Буга байланыштуу Украин тышкы иштер министри Анатолий Зленко жагдайды иликтеген эксперт тик топтун жүйөөсүз бүтүмдөрү Киевди өтө нааразы кылганын, бу негизсиз айыптоолорлорду төгүндөө үчүн Украина кызматташууну улантууну каалай тургандыгын билдирди. Альянс да Украина менен байланыштарын чыңдоого умтулат,бирок бул иште эми, айрым баяндамачылардын айтымында,президент Леонид Кучмага эмес,башка бирөөгө үстөк саят сыяктанат. Белоруссиянын НАТОдогу өкүлү болсо президент Лукашенкого саммитке келгенге мүмкүндүк берилбегенин натуура кадам деп белгиледи.
Прага саммитиндеги дагы бир маанилүү жыйынтык катары байкоочулар Ирак проблемасы боюнча жетишилген мунасаны айтып жатышат. НАТОлук өлкөлөр Саддам Хусейн толук куралсызданышы керек деп эсептейт, бирок Иракка каршы аскерий операцияга баары эле катышууну каалабайт. Немец канцлери Герхард Шрөдөр маселени өкмөт адегенде иликтеп көрөт, анан америкалык достордун өтүнүчүнө жооп берилет,ошондон соң гана коомчулук маалымдар кылынат деп айтты.
XS
SM
MD
LG