Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

НАТО УЮМУН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО


Нарын АЙЫП 21-22-ноябр күндөрү Прага шаарында өткөн НАТОнун бийик жолугушуусунда - уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен катар - НАТОнун аскерий түзүлүштөрүн реформалоо жана жаңыртуу маселелери да каралды. Бул багытта кабыл алынган чечимдердин эң орчундуусу - НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү тууралуу макулдашуу болду.

Мындан 53 жыл мурда түзүлгөн НАТО аскерий уюм болгон менен, дүйнөдө акыркы мезгилде орун алган эки негизги аскерий жараянга - эл аралык терроризмге каршы согуш жана Иракка каршы мүмкүн баштала турган согушка - ал тикелей түрдө катышкан жок жана катышпай тургандай. Ага негизги себеп - альянстын ичиндеги бардык чечимдер жалпы мунаса аркылуу кабыл алынууга тийиш, Ооганстандагы аскерий аракеттерге болсо, жана өзгөчө Иракка каршы даярдалып жаткан согушка катышууга кээ бир европалык мамлекеттер ачыктан-ачык каршы чыгууда.

Ошондуктан, НАТО жетекчилиги - андай жараяндарга катышуу маселесин өтө деле талкуулаган жок, бирок ошол эле учурда, дүйнөдөгү эң барктуу жана күчтүү уюмдардын бири катары четте калуудан оолак. Натыйжада, Прага шаарында өткөн бийик жолугушууда - НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жыйырма миңге жакын адамдан турган ал аскерий топ - техникалык жактан эң жогорку деңгээлде жабдылып, абдан ийкемдүү жана жигердүү аракеттенип, кургакта да, деңизде да, асманда да кандай болбосун операция жүргүзүүгө кудуреттүү болууга тийиш. Бул аскерий топту түзүү мөөнөтү 2004-жылдын октябр айы деп чектелди жана 2006-жылдын октябр айында ал өз ишине толук киришет.

Андан тышкары, НАТО акыркы мезгилге чейин коргонуу уюму болуп келген жана 1999-жылдын жаз айларында ал Сербияга каршы аскерий сокку урганда, өз аймагынан биринчи жолу сыртка чыккан. Ыкчам аракеттенүүчү күчтөр болсо, башынан тартып - НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн аймагы менен гана чектелбестен, дүйнөнүн кайсы болбосун бурчунда иш алып барат, - деп түзүлүүдө. Мындай аскерлерди НАТОнун жетекчилиги ар бир түзүлгөн шартка жараша колдонуп, уюмдун ичиндеги кээ бир талаш-тартыштардан келип чыккан узакка уланган сүйлөшүүлөрдөн кутулушу мүмкүн. Андай болгондо: акыркы мезгилде чындап эле саясий уюмга айланып бараткан НАТО аскерий милдеттерди түз жана ыкчам аткарууга жетет, - деп ишенсе болот.

Андай ыкчам аракеттенүүчү аскерлерди түзүү менен кошо, НАТОго мүчө мамлекеттердин жетекчилери Прагада - уюмдун жалпы аскерий жетекчилигин модернизациялоо чечимин кабыл алды жана ар бир мүчө-өлкө НАТО аскерлерине жогорку деңгээлдеги салым кошууга милдеттенди.

Уюмдун баш катчысы Джордж Робертсондун айтымында, ага бардык өлкөлөр макул болду: "НАТОго мүчө өлкөлөрдүн президенттери жана премьер-министирлери бүгүн ар бири - катуу саясий милдеттенме алды. Ага ылайык, ар бир өлкө - алдыңкы үлгүдөгү аскерий жабдыктарды жиберет, алардын ичинде - оор жүк ташыган учактар жана абада май куюуучу учактардан тартып, бутага өтө так мээленген курал жана химиялык же биологиялык куралдан сактоо жабдыктары бар. Бул жөн гана декларация эмес, бул чечим".

Андан тышкары, Прага саммитинде - НАТОнун аскерий мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн, ар бир мүчө-өлкө ал кошкон каражаттын көлөмүн да көбөйтүүгө макул болду. Буга чейин НАТОнун бюджетине эң көп каражат Америка кошмо штаттары кошуп келген, эми европалык мамлекеттер - өздөрүнүн бюджеттериндеги аскерий чыгымдарды да көбөйтүүгө мажбур.

XS
SM
MD
LG