Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:13

НАТО УЮМУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ


Нарын АЙЫП Прага шаарында өткөн НАТОнун бийик жолугушуусунда уюмга жети мамлекет жаңы мүчө болуп кабыл алынды жана анын аскерий түзүлүшүнө өзгөртүүлөр киргилизлди. Бирок кээ бир батыш эксперттери НАТОну: мезгилдин талаптарына улам барган сайын жооп бере албаган уюмга айланууда, - деп сынга алууда.

Прага саммити учурунда НАТО уюмуна жети Чыгыш Европалык жумурият кирди жана уюмдун ыкчам аракеттенүүчү аскерий күчтөрүн түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. НАТОнун башкы катчысы Джордж Робертсон жана башка саясатчылар бул эки чечимди тарыхый окуя деп баалап, Прага саммитине жогорку баа берүүдө.

Робертсондун айтымында, НАТОнун өзүнүн жана анын айланасындагы башка уюмдардын өнүгүүсү менен, Евро-Атлантикалык өзүнчө бир үй-бүлө сыяктуу коом түзүлүүдө: "НАТО өнүккөн менен кошо, анын кызматташуусу да өнүгүүдө жана "Евро-Атлантикалык кызматташуу кеңеши" - ага катышкан ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана алардын талаптарын так чагылдырууга тийиш. Биз өзүнчө бир элдер бүлөсүнө айландык, бирок биздин үй-бүлө - көп кырдуу бүлө жана ошонуу менен күчтүү".

Чындап эле, Чехиянын президенти Вацлав Гавел айткандай, НАТОго Эстония же Болгария сыяктуу мамлекеттер кошулганы - экиге бөлүнгөн Европаны кайра бириктирүүдө жана бул - өтө орчундуу саясий окуя. Экинчи жагынан, Прага жыйынында: уюмга келечекте Кавказ менен кээ бир Борбор Азиялык өлкөлөр да кошулушу мүмкүн, - деген сөздөр да айтылды. Мурдагы советтик жумурияттардын НАТОго кошулуп жатканы жана келечекте дагы кошулуу мүмкүнчүлүгү - дүйнөдө кансыз согуш кандайдыр бир ченемде дагы эле уланып жаткан сыяктуу сапатты көрсөтөт, ошондуктан, НАТОнун жактоочулары - уюмдун керектиги жана келечеги бар экенин айтууга укуктуу.

Ошол эле учурда, мезгил азыр өтө ылдам өзгөрүүдө. Чыгыш Европалык жумурияттар НАТОго мүчө болуу үчүн мындан 10-12 жыл мурда күрөшө баштаган, анткени андай мүчөлүктөн алар - мурдагы СССР тарабынан мүмкүн боло турган жаңы агрессиядан сактанууга умтулган. Азыр андай коркунуч жок, бирок эми эл аралык терроризм өнүгүүдө жана ал терроризм - Чыгыш Европалык жумурияттар эмес, негизги дүйнө дөөлөттөрүн бутага алууда, ошондуктан, НАТО сыяктуу уюмдарга мүчөлүк жаңы жумурияттарга жардам көрсөткөндөн мурда, алардын куралдуу күчтөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн терроризмге каршы колдонуу болууда.

Бирок эл аралык терроризмге каршы жүрүп жаткан согушка НАТО уюм катары катышкан жок жана жалгыз ушул эле факт - бул уюмдун алдында канчалык орчундуу маселелер турганын көрсөтөт.

Биринчиден, НАТОго улам жаңы мүчө кирип, ал кеңейген сайын, уюмду башкаруу татаалданат жана ага - дүйнөнүн бардык мамлекеттери кирген Бириккен улуттар уюму эле мисал.

Экинчиден, НАТОнун өзүнүн эрежелерине ылайык, ага мүчө болуп кирүү үчүн, талапкер мамлекет жетиштүү деңгээлде саясий, экономикалык жана аскерий жактан өнүккөн болууга тийиш. Бирок талапкер мамлекет жетиштүү өнүккөн болсо, ага НАТО сыяктуу уюмдун кереги жок жана азыр НАТОго кошулуп жаткан Болгария же Латвия сыяктуу мамлекеттер ошончолук деңгээлде даяр деп айтуу кыйын.

Үчүнчүдөн, НАТО алдындагы эң негизги маселе - Америка кошмо штаттарына ал бир топ жогору ченемде көз каранды экендигинде жана ага кээ бир европалык мамлекеттер каршы чыкканда, мунаса табылбай, уюм эч кандай чечкиндүү аракет көрө албай калып жаткандыгында. Ага - Ооганстандагы согуш же Иракка каршы мүмкүн баштала турган согушка НАТО кийлигише албагандыгы күбө.

Бирок аны менен катар, НАТО азыр - Европадагы эң күчтүү жана кубаттуу коргонуу уюму жана дал ошондуктан мурдагы советтик жумурияттар ага кирүүгө умтулууда.
XS
SM
MD
LG