Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Кезектеги референдум


Бекташ Шамшиев Ушул жылдын декабрь айынын аягында Конститутцияга киргизилчү өзгөртүү, кошумчаларды камтыган жаңы мыйзам жалпы элдик референдумга коюлары айтыла баштады. Борбордук шайлоо комиссия төрагасынын маалымдашынча бул иш-чарага 16,5 миллион сом сарпталмакчы.

Ушуну менен эгемен Кыргызстандын башмыйзамы 4-ирет элдик референдумга түшкөнү туру. 1993-жылы парламентте кабылданган башмыйзам жыл айланбай олуттуу өзгөрүүлөргө түшүп, анын натыйжасында башында бир палаталуу парламент экиге бөлүнүп, эми ал кайрадан биригүүсү күтүлүүдө. Дембе-дем өткөн конституциялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында бийлик бутактарынын тең салмагы бузулуп, анын натыйжасы демократиялык реформалардын ырааттуу жүрүшүнө кыйла кедергисин тийгизди. Ушул жылдын 22-декабрына чектелген кезектеги референдумга Конституцияга киргизилчү алымча-кошумчалар тууралуу мыйзам долбоору элдик сынга коюлат. Кыргызстан калкы 90 депутаттан турган бир палаталуу парламент, Жогорку жана арбитраждык соттордун биригиши, өкмөттү дайындоого парламенттин уруксат бериши сындуу баш-аягы 40 ашуун олуттуу өзгөртүү, кошумчаларга "бар" же "жок" деген пикирин билдириши керек. Конституциялык кеңешменин мүчөсү, парламент депутаты Дооронбек Садырбаев конституциялык өзгөрүүлөрдөн республиканын экономикасы оңолуп, элдин турмушу жакшырып кетерине ишенбейт . "Президенттик, парламенттик шайлоолордон бери эл тынчый түшкөн экен, эми референдум өткөрбөсө болбой калды. Референдум той-аш, баатырлардын 3000, 2000, 500 жылдыгы сыяктуу иштердин бир атрибутуна айланып калгандыгына байланыштуу, менин оюмча, алдыдадагы референдум өтөт, 99,9% болбосо Кыргызстан калкы аны 103% колдоп берет. 99,9% кылып эсепти чыгарып келишет. Саясатта, экономикада, ахлакта да эч кандай өзгөрүү болбойт",- дейт Дооронбек Садырбаев.

Аптанын аягында башмыйзамга киргизилчү өзгөрүүлөрдү жарым күн талкуулаган парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында биртоп сунуш-пикирлер айтылды. Палатанын мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы, Кыргызстан коммунисттеринин лидери Абсамат Масалиевдин пикири боюнча, башмыйзамдын жаңы өзгөрүүлөрү 1993-жылкы Конституциянын негизги принциптерин кайтарып алып келет. "Мына муну өткөрсөк 4-сүн өткөрөбүз,- дейт Абсамат Масалиев.- Конституцияны көчүрүп эле атабыз. Бул ирет 45-47 статьяга өзгөртүү, толуктоо киргизип атабыз. Өткөндө да ушундай болгон. Конституция болгону 97 статьядан эле турат. Эми талкуу болгон соң билгенибизди айттык. Депутаттар талкууда адам укугу тебеленип атканын, жүрүш, пикеттер күчөп атканын айтышууда. Ачык айталы, президент арыдан-бери өткөрө салып парламенттен кутулгусу келип атат. Бир палаталуу парламентти жоюп, эки палаталуу парламент түздү, эки референдумдан кийин кайра бир палаталуу кылып түзгөнү жатат. 1994-жылы президент Жогорку Кеңештин полномочиесин өзүнө алып алган, ошону эми кайтарып атат. Эч кандай полномочие бөлүштүрүлгөн жок".

Өткөөл доордун ыкыбалына туш келчү жаңылып-жазуулардан Кыргызстан деле четте калган жок. Кезектеги конституциялык реформа бийлик бутактарынын тең салмагын камсыздоо амалында жасалып атыры.

XS
SM
MD
LG