Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫ


Нарын АЙЫП Өткөн жылы террорчулар Америка кошмо штаттарына кол салгандан кийин АКШ аларга каршы согуш баштап, Борбор Азиялык жумурияттар менен кеңири кызматташа баштаганга бир жыл болду. Бирок кээ бир саясатчылар жана адам укугун коргоочулар тарабынан АКШ жетекчилигине: Америка менен кызматташууну Борбор Азиялык президенттер - өз өлкөлөрүндөгү оппозицияны басууга пайдаланууда, - деген сын айтылууда.

Эл аралык терроризмге каршы кеңири согуш башталбаганда, Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы азыркыдай болоор-болбосун айтуу кыйын, бирок акыркы бир жылда Кыргызстанда эле абал канчалык начарлаганы - бир нече айдан бери демонстрация менен жөө жүрүштөр тынбай өткөрүлүп, президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылуу күчөгөнү эле күбө. Кошуна Казакстанда болсо, президент Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы коррупцияны иликтеген журналист - жакында АКШга жөнөөр алдында камакка алынганы дагы абал канчалык татаал экенин көрсөтөт.

Ага карабастан, Америка кошмо штаттары Борбор Азиялык өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүүдө жана бул беш жумуриятка АКШ тарабынан берилген бир жылдык жардам эки эсеге көбөйүп, 600 миллион долларга жетти. Америкалык аскерий учактар Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагындагы аба майдандардан Ооганстандагы согушка учуп чыгууда, Казакстан менен Түркмөнстан дагы өз аба мейкиндигин ал согуш үчүн пайдаланууга берген.

Мындай кызматташуудан Борбор Азиялык жетекчилер, биринчиден, АКШдан акча алууда жана, экинчиден, ал кызматташуудан пайдаланып, өз өлкөлөрүндөгү авторитардык бийликти күчөтүүдө. Мурда алардын демократияга каршы жана адам укуктарын бузган аракеттерин сынга алып келген АКШ азыр андай пикирин жумшартты.

Ошондуктан, адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар өз сынын эми тикелей АКШга багыттап: кааласа да, каалабаса да, Борбор Азиядагы авторитардык бийликтин күчөшүнө Америка өзү көмөктөшүүдө, - деп айтууда. Бирок АКШ жетекчилиги аны менен макул эмес. Өткөн аптада Вошингтон шаарында "Азаттыктын" кабарчысы менен жолукканда, президент Джордж Буш: АКШ менен кызматташкан ар бир өлкө акыр аягында демократия баалулуктарын жана адам укуктарын сыйлай баштайт, - деп билдирди. "Биз ар бир адамдын өмүрүн барктайбыз. Менин пикиримде, АКШ менен алака түзүп, АКШ менен кайсы бир өлкө канчалык тыкыз кызматташса, ал өлкөдөгү абал ошончолук жакшырат".

Мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Линн Пасконун айтымында болсо, Борбор Азиялык өлкөлөр менен АКШ кызматташканга аз эле убакыт болду жана анын адам укуктарына болгон терс таасири тууралуу айтуу эрте. Бирок АКШнын Йейл университетинин профессору, Борбор Азия боюнча эксперт Паолин Люңг-Джонстун айтымында, абал канчалык начарлап баратканын Борбор Азия элдери өз көзү менен көрүп, өз жону менен сезүүдө: "Турмуш начарлап баратканын да, репрессиялар күчөгөнүн да алар өздөрү көрүүдө. Жана аны жергиликтүү эл - Борбор Азиялык өкмөттөр менен Америка кошмо штаттарынын стратегиялык кызматташуусунан көрүүдө".

Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Евразия тобу" деп аталган консультативдик уюмдун адиси Ян Бреммердин айтымында болсо, эл аралык терроризмге каршы АКШ баштаган согуштан Борбор Азиялык гана жетекчилер эмес, - Чеченстандагы согушту күчөтүүгө Орусия, уйгурларды куугунтуктоого Кытай, палестиндерге каршы аракеттерин катуулантууга Израил пайдаланууда.

XS
SM
MD
LG