Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Москвада Шанхай кызматташтыгына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министирлеринин жолугушуусу өтөт.


23-ноябрда Москва шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министирлеринин жолугушуусу өтөт. Мындай иш чарага катышуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министири Акар Айтматов баштаган делегация жөнөп кетти деп маалымдады аталган министирликтин маалымат кызматынан жума күнү. Жолугушуу учурунда, эл аралык саясий кырдаал жана аталган уюмдун терроризмге каршы борборунун ишемердүүлүгүнө байланыштуу маселе талкууланат. Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун уюмга кирбеген мамлекеттер менен кызматташтыгы тууралуу документ каралып, бекитилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG