Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Үсөн Сыдыковдун талапкерлери мамлекет жогорку бийлик жеткчилерине кайрылуу жолдошту.


Ош шаардык жана Жогорку сот тарабынан шайлоонун экинчи туруна катышуу укугунан четтетилген, депутаттыкка талапкер, Үсөн Сыдыковдун Каракулжа районудагы 500 жакын шайлоочулары жума күнү Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары Сооронбай Жээнбеков жана райондун акиминин катышуусу менен жыйын өткөрүштү. Жыйын соңунда алар президент Аскар Акаевге, Жогорку кеңештин кош палата төрагаларына, өкмөт башчысы Николай Танаевге жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаевге кайрылуу кабыл алышты. Жогорку бийлик жетекчилеринен алар, Үсөн Сыдыковду шайлоого катыштырууну, биринчи вице премьер министр Курманбек Осмонов, президенттин кеңешчиси Болот Жанузаков, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, Борбор Шайлоо комиссиясынын башчысынын районго келип шайлоочулар менен жолугушуусун, жасалма минтингдерди өткөрүп түндүк-түштүк маселесин көтөргөн Бишкектин Биринчи-Май райондук админстрациясынын башчысы Токон Шайлиеванын шайлоочулардан расмий түрдө кечирим суроосун жана Бишкек шаарында пикетке байланыштуу карапайым элдерди камакка алууну токтотууну талап кылышты. Ошондой эле алар эгерде, Үсөн Сыдыков шайлоонун экинчи туруна катыштырылбаса, Каракулжа районунда шайлоонун экинчи турунун өтүшүнө тоскоолдук жасай тургандарын эскертишкен. Бул тууралуу Үсөн Сыдыковдун Каракулжа районундагы ишенимдүү адамы Анарбек Абазбеков маалымыдады. Ал эми райондун акими Рашид Ташибаевдин айтымында жыйын соңунда Үсөн Сыдыковду шайлоонун экинчи туруна катыштыруу тууралуу бир пункттан турган кайрылуу кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG