Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Борбор Азияда төрт коркунуч бар, дейт Коопсуздук кызматынын өкүлү.


Борбор Азия мамлекеттери үчүн кооптуу саналган негизги төрт коркунуч бар, деп билдирди 22-ноябрда өткөн регионалдык конференцияда Улуттук Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Токон Мамытов. Алардын биринчиси, экстремизм, терроризм, мыйзамсыз миграция; экинчиси, чек ара тилкелерин аныктоо маселеси боюнча мамлекеттер ортосундагы пикир келишпестиктер, глобализация маселесинде технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдөн Борбор Азия мамлекеттеринин артта калып жатышы, жана эң акыркысы геосаясаттагы тескери таасир этүүчү жагдайлар, дейт Токон Мамытов. Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев ошол эле жыйында, Борбор Азия аймагында азыркы кырдаалга жараша экологиялык жана чек ара аймактарында коркунуч барын белгиледи. Анын маалыматына караганда, быйылкы жылы эле коңшу мамлекеттердин чек араларына коюлган миналардан кыргызстандык 17, тажикстандык 53 жаран набыт болду.

XS
SM
MD
LG