Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Улуттар уюму СПИД боюнча семинар өткөдү


Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелеринин СПИДге каршы күрө боюнча биргелешкен программасынын алкагында Бишкекте маалымат каражаттары үчүн эки күндүк семинар ишин жума күнү аяктады. Семинар СПИД илдетине байланышкан маалыматтарды элге жеткирүүнүн оош-кыйыш маселелерин талкуулады. Семинардын катышуучулары жана волонтерлор маалымат элге коркутуу үчүн эмес, аны алдын алуу үчүн жана ооруга чалдыккан адамдар ар кандай куугунтуктоолорго кабылбас үчүн керек экендигин белгилешти. Семинарга Кыргызстанда иштеп жаткан жергиликтүү жана чет өлкөлүк 40 ка жакын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандагы СПИД борборунун 2002-жылдын биринчи январына карата тактаган маалыматына караганда, саламаттык сактоо министрлигинде каттоодо СПИД илдетин жугузган кыргызстандык 334 адам каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG