Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Тоолуу айылдарды өнүктүрүү долбоорунун биринчи этабы Талас районундагы эки айылда аяктады.


Ушул долбоорго кирген райондогу Ак-Коргон айлын, Кайыңды кант акционердик коому ал эми ага коңшулаш Көпүрөө-Базар айлын Бишкек шаардык мериясы жана «Мээрим» фондусу көмөгүнө алган эле. 23-ноябрда бул айылдарда социалдык-маданий багытта курулган, оңдогон обьектилерди пайдалууга берүүгө салтанаттары өттү. Ага Эл өкүлдөр жыйынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, «Мээрим» корунун төрайымы Майрам Акаева, курулушка жардам берген министирликтин жетекчилери катышты. Ак-коргон айлында суу түктүктөрүнүн эки чакырымы жаңыланып, элүү номердүү телефон станциясы курулуп, «Шумкария» чокусундагы ретранслятордук станция калыбына келтирилди. Мектептин жылуулук системасы оңдолуп, борбордук көчөгө цемент төгүлүп, сегиз бөлмөлүү жаңы имааратта мончо, дарылоочу бөлмө, милициякана жана шаар аралык сүйлөшүү пункту пайдаланууга берилди. Майрам Акаеванын туулуп өскөн айлында, компьютер менен жабдылган билим берүү борбору, Дүйшөн карыянын үй музеи, башталгыч деңгээлдеги мектеп гимназия ачылып, айылдык маданият үйү түп орду менен оңдолду.

XS
SM
MD
LG