Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Түрктөр кыргыз аскер кызматчыларын машыктырды


Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын тоо шартында кызмат өтөөгө машыктыруунун 10-этабы аяктады. Анда машыккан аскер кызматчыларына сертификат тапшыруу салтанаты Бишкекте ишемби күнү болду. 79 аскер кызматчысын курамына алган бул машыгуу Түркиянын аскерий инструкторлорунун жетекчилигинде 1нен 22-ноябрга чейин өтүп, анда тоо шартында аскер кызматын өтөөнүн, анын ичинде снайпердик, топографиялык, инженердик жана башка кызматтардын ыкмалары үйрөтүлдү. Тоо шартында аскердик кызмат өтөө боюнча бул машыгуу Түркия жана Кыргызстан коргоо министрлери ортосундагы атайын тапшырмадагы бөлүктөрдү даярдоо тууралуу 2000-жылдын 15-июнунда кабыл алынган протоколдун негизинде өттү. Протокол кабыл алынгандан бери кыргызстандык 339 аскер кызматчысы машыкты.

XS
SM
MD
LG