Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Кыргыз президенти Аскар Акаев АКШ генералы Ричард Майерсти кабыл алды


Америка Кошмо Штатынын штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин башчысы генерал Ричард Майерсти ишемби күнү Кыргыз президенти Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушууга журналисттер катыштырылган жок. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, эки өлкөнүн өкүлдөрү учурдагы Борбордук Азиядагы анын ичиндеги Ооганистандагы саясий кырдаалды талкууга алышты. Аскар Акаев Ооганстандагы эл аралык терроризм менен күрөштүн уланышына жана аталган мамлекетти экономикалык жактан калыптандыруу маселесине Кыргызстан ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр экендигин маалымдаган. Америкалык генерал ушул эле күнү «Манас» аэропортундагы эл аралык аскер базасыда болуп, өз мекенине кайтып кетти. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынаган маалыматка караганда, Ричард Майерс бул жолу республикадагы эл аралык күчтөрдүн кышка даярдыгы менен таанышуу үчүн келди.

XS
SM
MD
LG