Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Туризмди өнүктүрүүгө арналган 4күндүк семинар 25-ноябрда Таласта аяктады.


Семинар Швейцариянын эл аралык өнүгүү ассоциациясынын «Хелвитас» деп аталган биринчи долбоорунун колдоосу менен өтүп, анын катышуучулары бир нече күн бою Таласта туризмди өнүктүрүүнүн оош-кыйыштарын иликтешти. Өрөөңдүн ичинде экологиялык, тоо альпинисттик, дарыя жана көл, ат, мергенчилик, жайлоо,лыжа, дельтаплан, авто жана мото, тарыхый-таанып билүүчүлүк туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар деп белгилешти. Туризмдин ушул түрлөрүн өнүктүрүү боюнча Кочкордогу тажрыйбаны ошол жердеги туристтик уюмдун жетекчиси Аида Жумашева айтып берди. «Хелвитас» долбоору түзгөн туристтик жети коом 2000-жылдан бери Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл облаттарында иштеп келе жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG