Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Россиянын Волгоград облусунун делегациясы Кыргызстанда.


25-ноябрда Кыргызстанга жумуш сапар менен Россиянын Волгоград облусунун губернатору Николай Максюта баштаган делегация келди. Николай Максюта Бишкекте президент Аскар Акаев жана премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, 26-ноябрда Жалал-Абад облусуна жөнөп кетет.Бул маалымат дүйшөмбүдө президенттин басма сөз кызматынан алынды.Маалыматка караганда Волгоград облусу менен Жалал-Абад облусунун ортосунда экономикалык кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.Николай Максюта жетектеген делегация курамында Волгоград облусундагы ири ишканалардын жетекчилери жана ишкерлер бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG