Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Антиконституциялык баракчалар илинүүдө.


Жумуруяттын тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча 24-ноябрдан 25-ноябрга караган түнү Бишкектеги Ош базары жана башка бир нече коомдук транспорт токтой турган жайларга «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасооо» кыймылынын атынан антиконституциялык чакырыктар жазылган баракчалар илинип коюлган. Анда «.. жолдорду тосуу, бийлик менен эч кандай сүйлөшүүгө барбоо жана кандай жол менен болбосун азыркы Конституциялык түзүлүштү кулатуу» чакырыктары жазылган.Бул факты боюнча тартип коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат,-деп маалымдашты Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын басма сөз кызматынан дүйшөмбүдө. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын лидерлеринин бири Ишембай Кадырбеков кыймылдын ал баракчаларга эч кандай тиешеси жок экендигин дүйшөмбүдө «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG