Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Кара-Кулжада биринчи вице-премьер шайлоочулар менен жолугушту.


25-ноябрда Кара-Кулжа районунун борборунда биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов жана башкы прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиевдин катышуусу менен элдик жыйыналыш болду.Анда Үсөн Сыдыков шайлоого катышуу укугунан ажыратылгандан кийинки райондогу кырдаал талкууланды. Сыдыковду коргоо комитетинин мүчөсү Анарбек Абдиевдин маалыматы боюнча жыйынга 400дөн ашуун адам катышты жана андагы пикир келишпестикке байланыштуу Сыдыковдун 300дөн ашуун шайлоочулары жыйын залынан чыгып кетишти. Кара-Кулжа район акими Рашид Тажибаев шайлоочулардын экиге бөлүнүп, бир бөлүгү жыйындар залынан чыгып кеткенин ырастап, бирок чыгып кеткендер саны аз экенин белгиледи.Анарбек Абдиевдин маалыматы боюнча шейшембиде Үсөн Сыдыковдун шайлоочулары кайрадан район акимиятынын алдына чогулуп, Сыдыковду шайлоонун 2чи туруна катыштыруу маселесин козгомокчу. Курманбек Осмонов жана Курмантай Абдиевдин катышуусу менен ушундай эле жыйын дүйшөмбүдө Өзгөн районунун Мырзаке айылында да болуп өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG