Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

НАТО Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташуу жолдорун иликтөөчү жумушчу топ түздү.


Түндүк атлантикалык альянстын 21-22-ноябрдагы Прага саммитинде Борбор Азия региону боюнча атайын максаттуу жумушчу тобу түзүлдү-деп билдирди 25-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов. Анын маалыматына караганда, бул жумушчу топ НАТО менен Борбор Азия мамлекеттеринин натыйжалуу кызматташуусуна зарыл келечектүү багыттарды аныктоо үчүн иликтөөлөрдү жүргүзөт жана анын негизинде программалардын долбоорлору иштелип чыгат. Ал эми НАТОнун Прага саммитиндеги башкы маселе мүчөлүккө жаңы мамлекеттерди кабыл алуу жана Иракка байланыштуу маселе болду. НАТОго мүчө 19 мамлекет бул маселе боюнча атайын билдирүү кабыл алып, Иракты БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1441 резиолюциясын толук аткарууга чакырды. Андан тышкары Прага саммитинде эл аралык терроризм Борбор Азия мамлекеттерине зор коркунуч келтирип тургандыгы да баса белгиленди-деп кошумчалады Аскар Айтматов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG