Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Кыргызстандын делегациясы НАТОнун штаб-квартирасында болду.


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коргоо комитетинин башчысы Мырзакан Субанов жана коопсуздук комитетинин башчысы Исмаил Исаков өткөн жума аягында НАТОнун штаб борбору Брюсселде таанышуу сапары менен болуп келди. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү генерал-депутат Исмаил Исаков маалымдады. Анын айтымында кыргыз делегациясынын курамында президенттик админстрация жана тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жана эки генерал –депутат болду. Делегация НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон баштаган расмий жетекчилер менен жолугушуп, Кыргызстандын НАТОНун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында НАТО менен кызматташуусунун жүрүшүн талкуулады. Исаковдун айтымында Кыргызстан НАТО менен кызматташууда оң гана натыйжаларга ээ болууда.

XS
SM
MD
LG