Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Кыргызстандын административдик–территориалдык башкаруусу түп тамырынан бери өзгөртүлбөйт.


Кыргызстандын административдик –территориалдык башкаруусу түп тамырынан бери өзгөртүлбөйт –деп билдирди 2-декабрда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев. Анын маалыматына караганда, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жер-жерлерде талкуулоону уюштуруу милдети президенттин жардыгы менен жергиликтүү бийлик органдарына тапшырылган.Бул максатта өлкө боюнча 84 областтык райондук, семинар өткөрүлүп, мыйзам долбоорунун 40 миң нускасы элге таратылды. Бирок, Конституцияга толуктоолор киргизилгенден кийин административдик башкаруу өзгөртүлүп, район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын укук милдеттери жаңыланат деген имиш тарап, коом арасында кайчы пикирлерди жараткан-деген Өмүралиев аны негизсиз деп билдирди.

XS
SM
MD
LG