Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан 5 кишиге коюлган күнөө алмашылды.


Аксы окуясын иликтөө боюнча кошумча тергөөнүн жүрүшүндө тартип коргоо органдарынын айыпталып жаткан 4 кызматкерине жана райондун мурунку акимине Кыргызстан кылмыш жаза кодексинин 305- беренеси алмашылып, аларга 148-берене менен айып коюлууда . Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Аксы району боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди.Анын айтымында Аксы окуясынан жабырлануучулар беренелердин алмашуусуна нааразы . Ал эми 305- берененин биринчи бөлүгү боюнча Жалал-Абад облусунун мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана облустун ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Кубанычбек Токобаевге гана күнөө коюлууда.Бекназаровдун айтымында: « 148-берене бул митингдерди,жүрүштөрдү өткөрүүгө жолтоо болууга байланыштуу берене.Ал боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Биз жайында жалпы мунапыс кабыл алганбыз. Анда беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган кылмыштар мунапыска туш келет»- деп айтылган.Эми бул сот иштерин сотко өткөрөрүүнүн да кажети жок. Айыпталуучулар макул болсо кылмыш ишин кыскартып коюуга болот» -дейт Бекназаров. Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан милиция кызматкерлерин коргоо комитетинин мүчөсү Түгөлбай Ракишев айрым милиция кызматкерлерине коюлган беренелер өзгөргөнүн ырастады.Ал эми Башкы прокурордун орун басары Курмантай Абдиев бул маселелер боюнча документтер прокуратурага түшө электигин, ошондуктан азырынча эч кандай маалымат бере албастыгын билдирди дүйшөмбүдө.

XS
SM
MD
LG