Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парлдаменттик делегациясы кыргыз бийлик жетекчилери менен жолугушту.


2-декабрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик делегациясы менен президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин эки палатасынын спикерлери Абдыганы Эркебаев жана Алтай Бөрүбаев менен жолугушту. Жолугушууларда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланды.Ал эми парламенттеги жолугушууда оппозициялык маанайдагы депутаттар кыргыз президенти бийликти толук бойдон өз колуна алууга аракеттенүүдө,Конституциялык реформа экс-президентке камкордук көрүү максатын көздөөдө жана ал конституциянын сыртын гана жасалмалайт деп билдиришти. ЕККУнун аялдар маселеси боюнча кеңешчиси, Финляндия парламентинин конституциялык комиссиясынын жетекчиси Паула Кокконен айым жетектеген делегация бул уюмдун жергиликтүү кеңселери бар бардык мамлекеттерди кыдырып, ал өлкөлөрдөгү саясий кырдаал,коопсуздук, массалык маалымат каражаттары жана адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат алуу максаты менен сапарга чыккан.

XS
SM
MD
LG