Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛДИН ЖАШООСУ КОШУНА ӨЛКӨЛӨРГӨ КАРАГАНДА ЖАКШЫБЫ?


Кыяс Молдокасымов Соңку кездерде Мамлекет башчысы Аскар Акаев расмий жыйындарда, же салтанаттарда сүйлөгөн сөздөрүн, айрым эксперттер реалдуу турмуштан алыс болду деп келишкен эле. Ал эми жума күнү президент Жалалабадда облус элинин айрым өкүлдөрү менен жолуккан учурда өлкөнүн ички жана тышкы саясаты тууралуу пикирин ортого салып, көп маселелер боюнча көз карашын ачык айтты.

Ал түгүл эгер Кыргызстанда элдин жашоосу кошуна өлкөлөргө караганда начар болсо, мен бийликтен кетүүгө да даярмын , - деп билдирди. Өз сөзүндө Президент Аскар Акаев өлкөнүн 12 жылда басып өткөн жолуна жана анын ийгиликтерине токтолуп, бул аралыкта экономикада болобу, демократияга алган багытында болобу, тышкы саясатында болобу, өлкөдөгү жакшы жетишкендиктерди санап өттү. Жыйындын катышуучулары да өлкөнүн сырткы карыздарына байланыштуу, кыргыз-кытай чек арасын тактоодогу талаштуу жагдайлар тууралуу, оппозициянын акыркы кездердеги аракеттерине, Бишкекке курултайга келген элге жасалган мамилелерге байланыштуу Акаевдин келтирген аргументтерине ынангандай болду. Ал өз сөзүндө дагы бир жолу кийинки шайлоого талапкерлигин койбостугун ачык билдирди. Президенттин эл менен ушундай ачык-айкын маанайда сүйлөшүүсү көптөн бери болбой келгенин көпчүлүк эксперттер эскертип келишкен эле. Бул жолугушууда Аскар Акаев эгерде Кыргызстандагы элдин турмушу кошуна элдердикинен начар болсо, эртең эле кызматыман кетүүгө даярмын»,- деп кесе айтты. «Кошуна мамлекеттерге карганда Кыргызстанда турмуш жакшы» деген мамлекет башчысынын пикирине айрым эксперттер макул болсо, айрым саясатчылар макул эмес. Алсак Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, окумуштуу экономист Жусуп Пиримбаев Акаевдин айтканы бир жагынан негиздүү десе, экинчи жактан мындай салыштырууну туура көрбөйт. «Салыштырмалуу негизде алып караганда чындыгында Өзбекстанга караганда бизде жакшы эле. Таза экономикалык жактан бизде дурус эле. Себеби бизде элдик көпчүлүгү иштебегени менен, алар жол таап, башка жакка кетип калышып, анан базарда отурушуп бир балээ кылып атышпайбы. Өзбекстанда базар деген жок да, көпчүлүгү өтө жакыр турмушта жашайт. Ошон үчүн жанагы Ошто жалданып иштегендердин баары өзбектер. Анан албетте, Тажикстандын жанагы Ленинабад, Гуляптан бир топ жакшы. Казакстан менен салыштырып болбойт бизди, биз адатта муну экономикалык жактан некорректный деп коёбуз мындай салыштырманы. Себеби Казакстан менен салыштырганга мүмкүн эмес да, себеби биздин параметрлерибиз башка, ошон үчүн салыштырган болбойт. Биз өзүбүз менен тең эмелерди салыштырсак болот?»,-дейт, Жусуп Пиримбаев.

Ал эми Кыргызстандын экономикалык абалы, элинин турмуш деңгээли кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу жогору деген президенттин пикирине эч кошула албастыгын, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев мындайча бышыктады:
- Эми бул жөнүндө жөнөкөй эле айта бериш болбойт да, муну турмуш кандай экенин салыштырыш үчүн мына дүйнөлүк көрсөткүчтөр бар, өзүнчө айтып коёлук ички дүң продукциянын ар бир кишиге туш келгени, ал эми экинчи көрсөткүч ар бир адамга келген айлык, үчүнчү көрсөткүч - элдеги жумушсуздук. Мына ушуга окшогон маселелердин негизинде келип туруп биз айтып атабыз: бүгүнкү күндө бардык советтик өлкөлөргө салыштырганда биз эң артта калып калдык, бир гана бүгүнкү күндө бизден арткараак туруп аткан Тажикстан, ушулардыкы гана төмөн, калгандарынын баардыгы жогорулап кетти. Мына биздин орточо айлыгыбыз өткөн жылы 24-25 доллар болду. Ал эми ошол эле жаныбыздагы Казакстанда 130 доллар болду, Россияда да 100 доллардан ашык, Өзбекстанда азыр 100 доллардан ашып калды орточо айлык. А биздики болсо карабайсызбы айлыгыбыз кандай? Ошондой эле биздин өндүрүштү алып көрөлү, ички дүң продукцияны өстүрүү боюнча биз эң артта калгандардын бири болуп калып атабыз. Мына биздин ички дүң продукциябыз 90-чу жылга салыштырганда ар бир кишиге эсептегенде 11,5 эсе азайган, ошондой эле мына Россияныкы 4 эсеге азайган, Өзбектердики 5 эсеге азайган, казактардыкы 3,5 эсеге азайган. Демек мына ушунун негизинде мына бүгүнкү күндө биздин Кыргызстан эң артта калган өлкөлөрдүн бири деп эсептөөгө болот», - дейт Орозбек Дүйшеев.

Кыргызстанда элдин турмуш-абалынын өтө начарлап кеткенинин башкы себебин, айрым эксперттер өлкөдө коррупциянын өтө жогорку чекке жеткени менен түшүндүрүшөт. Өлкө казынасын толтуруучу майлуу жерлер бийликтеги саналуу гана адамдардын капчыгын толтуруп келе жатканы тууралуу кыргыз басылмалары көп эле жазып келүүдө. Ал айтылгандарды айрым аналитиктер мисал кылышып, карапайым калктын жакырланышынын түпкү себеби эмнеден улам экенине жооп издешет. Өлкөдөгү жумушсуздук, тиричиликтин айынан кошуна өлкөлөргө барып кул катары жалданып иштеген кыргызстандыктардын саны жылдан- жылга көбөйүп жатканы да жакшы турмуштан улам эмес экени айкын эмеспи. Ал эми жакырчылыкты жоюу боюнча атайын кабыл алынган программалардын жемиши көптө барып билинчүдөй. Анын үстүнө 2 миллиард долларга чукул өлкөнүн тышкы карызы да жакынкы жылдары элге бир топ оорчулуктарды жаратчудай. Кыскасы президент Жалалабаддагы: «эл турмушу кошуна өлкөлөрдүкүнөн өйдө болбосо азыр эле бийликтен кетүүгө даярмын»,- деген билдирүүсү коомчулукта бир топ талкууну жаратчудай болуп калды.
XS
SM
MD
LG