Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТИ В.ПУТИН КЫТАЙДАГЫ ИШ САПАРЫН УЛАНТУУДА.


Тынчтыкбек Чоротегин (Прага шаары) Дүйшөмбүдө Евразиядагы эки ири мамлекет – Кытай менен Орусиянын мамлекет башчылары дүйнөдөгү соңку кырдаал жана эки тараптуу кызматташтыкты өөрчүтүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү жана Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Алар АКШ менен Түндүк Кореяны өз ара баарлашууга чакырышууда.

Кытайдагы иш сапарын улантып жаткан Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Цзян Цземин дүйшөмбүдө Бээжинде Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Документте эки өлкө бири-биринин эгемендигине, коопсуздугуна жана аймактын бүтүндүгүнө шек келтирчү уюмдарды түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө уруксат кылбай тургандыгы белгиленген. Кытай тарабы чечен жикчилеринин ишмердүүлүгүнө каршы Кремлдин иш-аракетин колдоого алды, ал эми Орусия болсо Бээжиндин Шинжаң Уйгур автономиялуу аймагындагы жергиликтүү мусулман жикчилерге каршы күрөшүнө тилектештигин билдирди.

Биргелешкен декларацияда Нью-Йорктогу, Маскөөдөгү жана Балидеги террордук иш-чаралар тууралуу эскерилип, террорчулук, жикчилик жана ашынган саясат жүргүзүүчүлүк дүйнө жүзүндөгү бейкуттук менен туруктуулукка коркунуч түзүп жатканы айтылган.

Адистердин айтымында, Маскөө менен Бээжиндин “террорчулукка каршы күрөш зарылчылыгына” таянып, айрым улуттук азчылыктардын укуктарына каршы жүргүзүп жаткан катаал саясатына алар менен бирге Шанхай кызматташтыгы уюмун түзгөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн каяша кылбастыгы күтүлөт.

Орусия менен Кытайдын мамлекет башчылары сүйлөшүү маалында дүйнөлүк жана эки тараптуу маселелерден тышкары, Ыраакы Чыгыш аймагынын орчун көйгөйлөрүнө да токтолушту. Алар Корей жарым аралын өзөктүк куралдан эркин аймак деп жарыялоого чакырышты. Тараптар Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея бийликтерине кайрылып, 1994-жылы кабыл алынган келишим сыяктуу мурда жетишилген макулдашуулардын рухунан тайбай, өз ара мамилелерин жакшыртууга жана Түндүк Кореяны өзөктүк куралдар программасынан баш тартууга үндөштү.

Адистер Орусиянын Ыраакы Чыгышта совет доорундагы таасирдүү ролун калыбына келтирүүгө умтулуп жатканын белгилешет. Маселен, АКШ Армиясынын Согуш коллежинин стратегиялык иликтөө институтунун профессору Стивен Блэнк Орусиянын Корея жарым аралындагы саясатын мындайча түшүндүрөт: “Саясий жактан алганда, Орусия Корея тынчтык жараянынын акыбалы жаатында башкы жана мыйзам ченемдүү кызыкчылыктары бар жана таасирге ээ өлкө катары өзүн көрсөтүп, аңдаткысы келет”.

Кошмо Штаттар жана ага шерик Европа Биримдиги, Түштүк Корея жана Жапония өткөн айда Түндүк Кореяга мунайзат ташууну убактылуу тогктотуп койгондо, расмий Пхеньян 1994-жылкы келишимди жокко чыкты деп жарыялаган. АКШ менен Түндүк Корея кабыл алган Келишимде, эгерде Пхеньян өзүнүн өзөктүк куралдар боюнча программасынан баш тартса, анда түндүк кореялыктар муктаж болгон отун менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлүк жардам берилээри айтылган.

Бээжиндеги сүйлөшүүлөрдө Ирак маселеси да козголуп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Ирак кризисин саясий жолдор менен чечүү алгылыктуу деп билдиришти. Кытай төрагасы Цзян Цземин Бээжинде дүйшөмбүдө өткөрүлгөн маалымат жыйынында дүйнөлүк коопсуздук маселеси жаатында мындай деп айтты: “Менин айтаар сөзүм бирөө гана: дүйнөлүк кырдаал жаатына келсек, Кытай дайыма тарыхый жактан бейпил өлкө болуп келген. Туруктуулукту камсыз кылуу - өтө олуттуу мааниге ээ”.

2001-жылы июлда президент Путин менен төрага Цзян Цземин достук жана кызматташтык тууралуу келишимге кол коюп, Маскөө менен Бээжиндин ортосундагы дээрлик жарым кылымдай өкүм сүргөн салкын мамилеге чек коюлган. Бул иш сапар Орусиянын президенти үчүн Кытайдын болочокку мамлекет башчысы, азыркы тапта төраганын орун басары Ху Цзиньтао менен да жолугушуп, аны менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди. Ху Цзиньтао төрагалыкка келээрки жылдын март айында шайланаары күтүлүүдө.
Шейшемби күнү президент Владимир Путин Кытайдагы иш сапарын карытат жана ал андан ары Делини көздөй багыт алмакчы. Түштүк Азиядагы ири өлкө - Индия менен Орусиянын алакаларын президент Путин ойдогудан алда канча төмөнкү деңгээлде болуп жатат, - деп кабатырлануу менен баалоодо.

XS
SM
MD
LG