Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Индонезия Австралиянын антитеррордук планына каршы.


Индонезия Австралиянын башка өлкөлөрдөгү террорчулардын базаларына алдын ала сокку уруу ниети эл аралык мыйзамдарга каршы келээрин эскертти. Бул тууралуу жакында өлкөнүн премьер- министри Жон Ховард билдирген эле. Анын пикиринде, ООНдун Хартиясы өзгөртүлүп кээ бир өлкөлөр экинчи бир мамлекеттин аймагында террорчуларга каршы аскерий операция жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ал эми Индонезия тышкы иштер министрлиги бүгүнкү билдирүүсүндө Австралиянын сунунушун эл аралык укукту бузгандык катары баалады. Ушул жылдын 12-октябрында Индонезиянын Бали аралында болгон жарылуудан 200 дөй адам өлгөн. Алардын көпчүлүгү австралиялык туристтер эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG