Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Орусия Данияга Ахмед Закаевге тиешелүү документтерди толук берди.


Орусия баш прокуратурасы чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовдун өкүлү Ахмед Закаевди өткөрүп алыш үчүн Данияга зарыл документтердин баары жиберилгенин билдирди. Кечээ Орусия Закаевдин кылмышын далилдеген документтерди тапшыра турган мөөнөт аяктаган эле. Москва Ахмед Закаевди мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүгө катышканы, куралдуу козголоң уюштурганы, адамдардын өмүрүнө залал келтиргени үчүн айыптоодо. Ал чечендердин Данияда өткөн конференциясына Аслан Масхадовдун өкүлү катары келген учурунда, 30- октябрь күнү Орусия бийликтеринин талабына ылайык камакка алынган.

XS
SM
MD
LG