Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленди.


1- декабрь - СПИД дартына каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөөгө миллиондогон адамдар катышты. Бүгүн Кытайда өлкө бийлигинин тапшыруусу боюнча бир миллиондой студент бул илдетти профилактикалоого багытталган кампания баштады. Оорулуулардын саны эң көп каталган Түштүк Африкада СПИДден көз жумган балдарды массалык түрдө жерге көмүү каадасы өттү. Дүйнөлүк саламаттыктты сактоо уюмунун эсебинде, СПИД менен ооругандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Өзгөчө Орусия менен Украинада алардын саны тез көбөйүп жатат. Адистердин айтымында, жакынкы жылдары СПИД эпидемиясына Кытай менен Индияда кабылышы мүмкүн. СПИД менен ооругандардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Африка өлкөлөрүндө. Улуттар уюму өткөн аптада жарыялаган маалыматтарга караганда, дүйнөдө СПИД дартын алып келүүчү ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 40 миллион адамдан ашат.

XS
SM
MD
LG