Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

СПИДге каршы күрөштө жылыш бар.


1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Жыл сайын бул дата алдында Бириккен улуттар уюму менен Дүйнөлүк саламаттык уюму СПИД илдети боюнча өз изилдөөлөрүн жарыялайт. Быйылкы изилдөөгө караганда, өтүп бараткан жылда дүйнө өлкөлөрүндө 3 миллиондон көп адам СПИДге байланыштуу дарттан өлөт.Докладда, ошондой эле, алаамат илдет Африканын айрым өлкөлөрүндө контролго алына баштаганы белгиленет.

Өтүп бараткан 2002- жылы СПИД илдетинен 3 миллиондон көп адам көз жумат. Азыр дүйнө жүзүндө бул коркунучтуу дарт менен ооруган 42 миллиондой адам бар. Алардын 5 миллионго жакыны айыкпас кеселге быйыл чалдыккан.

ООН менен Дүйнөлүк саламаттык уюмунун докладына караганда, чечкиндүү чара көрүлбөсө, 2010- жылга карай дүйнөнүн жарды өлкөлөрүндө жашаган дагы 45 миллион адамга СПИД жугат.


Эң коркунучтуусу, эпидемия катталган соңку жыйырма жылда биринчи жолу СПИД менен ооруган аялдардын саны эркектерден ашып кеткен. Бул деген жашоо улантуучу наристелердин өмүрү- алар жарык дүйнөгө келбей жатып коркунучта дегенди түшүндүрөт.


Борбор Азия менен Чыгыш Европа СПИД өтө ылдам жайылып бараткан чөлкөмдөрдөн саналат.Акыркы бир жылда СПИД бул аймакта 25 процентке көбөйгөн. Россия менен Өзбекстан бул жагынан өзгөчө айрымаланат.


Америкалык актриса жана СПИДке каршы күрөшүүчү Уопи Гольдберг айым үстүбүздөгү аптада ООНдо сүйлөгөн сөзүндө: “Эпидемия Россияда өтө ылдам жайылууда, Россияда! Россияда мындай болот деп ким ойлоптур? Мурда Россия жөнүндө кеп болбогондуктан, мен эч качан күткөн эмесмин. Африканы СПИД каптап баратканын билчүмүн”,- деп жаны күйө билдирди.


Түштүк Африкада биринчи жолу боюна бүткөн жаш келин-кыздардын арасында СПИДге чалдыккандарынын саны 1998- жылга салыштырмалуу төрттөн бирге азайган. Ушундан улам, эпидемия жүгөндөлө баштады деген үмүттө адистер.


ООНдун СПИД боюнча эпидемиологу Мишел де Гроларддын айтымында: “Элдин кайсы бир тобун алып карасак, илдеттин азайып калганын көрөбүз. Бул СПИД ооруусу барлардын көпчүлүгү өлгөнүн билдирет десе болот. Мен, албетте, жаштар жөнүндө айтып жаткан жокмун. Чындап эле илдет жуккан адамдардын саны азайса, бул өтө жакшы жышаан. Кээ бир изилдөөлөр Замбияда, Түштүк Африкада, Эфиопияда жана Угандада, ошондой эле, Камбоджа менен Таиландда абал оңолуп баратканын тастыктады”.


СПИДге чалдыккан адамдардын азайуусу, илдетти алдын алууга багытталган өнөктүктүккө, адамдардын дарттан сактануунун жолдорун билүүгө болгон ынтызарылыгына жана презервативди кеңири колдонуунун натыйжасы деп айтылат докладда.


Мишель де Гроларддын пикиринче: “Илдеттин алдын алуу боюнча маалымат жайылтуудан тышкары, ал маалыматтын адамдарга туура жеткени жана алардын жүрүм-турумунун өзгөрүүсүнө таасир эткени өтө маанилүү. Бул деген социалдык чөйрө илдет жуккан адамдарды уяткарып бөлбөстөн, аларды кемсинтпесин дегенди билдирет. Ошондо кесел адамдар агартуу сабактарына жалкыбай барышып, алган мааламттарын тартынбай бөлүшөт”.


ООН менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы изилдөөсүнө караганда, СПИД жана ВИЧ инфекциясы жөнүндө кабары жок, ал эмес дээрлик укпаган региондор бар экени өкүнүчтүү.


Мисалы, Азербайжан менен Өзбекстандагы 15 менен 24 жаштын ортосундагы келин-кыздардын ар бир үчүнчүсү 20 кылымдын жан алгычы катары белгилүү СПИД жөнүндө бейкабар экенин изилдөө көрсөткөн.


2002-жылы Өзбекстанда СПИддин мурдакы жылдарда болуп көрбөгөндөй көп катталганы ушундай бейнамаалыктын натыйжасы болушу мүмкүн.


СПИД же ВИЧ инфекциясына чалдыккан кеселдер аз болсо, ага каршы күрөшүүнүн жана үгүт-насаат иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы жок деш да жаңылыштык. Россиянын Тольяти шаарында өткөрүлгөн изилдөө, айыккыс дартка чалдыккан адамдардын саны ырасмий маалыматтарда көрсөтүлгөндөн бир кыйла жогору экенин жана ийне сайынган наркомандардын тең жарымынан көбү ВИЧ инфекциясына чалдыкканын тастыктаган.
XS
SM
MD
LG