Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:37

Президент Путиндин Кытайдагы кезектеги визити.


Россия президенти Владимир Путин 1-декабарда Кытайда ырасмий сапарын баштады. Визит алдында Кытай өкмөтү менен маалымат каражаттары кытайлык- россиялык мамилелер өтө жакшы өнүгүүдө деп байма-бай ырасташты. Ага карбай, Москванын Вашингтон менен жакындашуусу Бээжиндин тышкы экономикалык байланышка зыян келтирбеген көз карандысыз саясат жүргүзүүсүнө жолтоо болот деп санашат Кытайдын жетекчи чөйрөлөрүндө.

Президент Путиндин сапары алдында Кытайдын ырасмий адамдары менен өкмөтттүк маалымат булактары кытайлык- россиялык карым-катнаш жөнүндө жакшы сөздөрүн аяшпады. Өкмөттүк “People Daily” гезитинде чыккан “Кытайлык- россиялык кызматташуу Россиялык- АКШлык байланышка караганда жакшы өнүгүүдө” деген макала баарынан да ашып түштү.


Көтөрүңкү маанайдагы сөздөргө карабастан, кытайлык-россиялык алакалар Владимир Путин бийликке келгенден бери Борис Ельцин тушундагыдай туруктуу нукта өнүкпөй калган.


Ельцин тушунда эки жактын жетекчилери үзбөй кездешип пикир алмашып турчу; аскерий кызматташуу да ургаалдуу жолго коюлуп, эл аралык жана регионалдык проблемалар, анын ичинде ООНдун Коопсуздук кеңешинин ролу жана АКШнын ракетадан коргонуу планы боюнча эки жак жалпы саясатты карманып, көп уюлдуу дүйнө саясатын жакташчу.


“International Herald Tribune” гезити баамдагандай, Путин мамлекет башына келгенден кийин Кремль өз саясаттын өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайыктап өзгөрттү: аскерге деген чыгымды азайтып, экономиканы эл муктаждыгына жараша реформалоого жана модернизациялоого көп көңүл бөлдү. Москва АКШнын антибаллисттикалык ракеталар боюнча келишимден бир тараптуу чыгуусуна, ракетадан коргонуу планын өнүктүрүүсүнө жана НАТОнун чыгышты көздөй кеңейүүсүнө ачык каршылыгын токтотту.

Талдоочулардын айтымында, Россиянын тышкы саясатындагы олуттуу өзгөрүүлөр, кытайлык- россиялык стратегиялык кызматташууга зыян келтириши мүмкүн. Себеби, чек араны бойлой аккан дарыялардагы аралдар боюнча талаш али жөндөлө элек. Эки өлкө ортосундагы сооданын жылдык көлөмү 10 миллиард доллардан ашпайт. Бул Ельцин мерчем кылып койгон чектен эки эсеге аз. Ыраакы Чыгышта жашаган россиялыктарда өлкөгө мыйзамсыз кирген кытайлыктар регионду каптап кетет деген кооптонуу да күчтүү.


Россиянын 11-сентябрь чабуулунан кийин Шахай кызматташуу уюмуна мүчө Борбор Азия өлкөлөрүнүн АКШлык күчтөрдү өз жеринде жайгаштырууга макулдук берүүсү Кытайды бир топ тынчсыздандырды.


Мындай жагдайга карабай, Stratfor изилдөө борбору байкагандай, Москва жана Бээжин үчүн өз ара жакшы мамиледе болуу жана АКШ менен чырлашпоо өтө маанилүү. Анткени, Кансыз согуш доору бүткөндөн кийин Москва өлкөдө жүргүзүлгөн экономикалык реформа Батышта татыктуу баа албаганын аңдап түшүндү. Реформаны андан ары тереңдетүү жана отун энерегтикалык байлыктарын тышка сатуу үчүн инвестицияга муктаж.

Ал эми региондо өкүмдүк кылууну көздөгөн Кытай өлкө ичиндеги социалдык проблемаларды жана экономикалык кыйынчылыктарды жөндөө үчүн тышкы капиталга зар. Тайван маселесин да чыр-чатаксыз чечүү керек. Бул эки маселеде тең АКШнын сөзү чечүүчү мааниге ээ.

Ушундай жагдайда Бээжинге сапарга келген Владимир Путин жана аны кабыл алчу Кытай Компартиясынын жакында шайланган жаңы төрагасы Ху Цзинтао 3 күндүк кездешүү учурунда эки ортодогу мамиленин негизги өзгөрбөгөнүнө бири бирин ишендирмекчи.

Путиндин өкмөттүк Синхуа жаңылыктар агенттигине жана Си-си-ти-би борбордук телевидениесине айтышынча, анын сапары пландуу болсо да “өзгөчө маанигээ ээ”. Себеби, Кытайдын эң жогорку мамлекеттик жана саясый жетекчилиги алмашып жаткан кезде, Кытайдын коңшу жана башка өлкөлөр менен мамилени кандай негизде жүргүзөрүн билүү өтө маанилүү.

Москвадагы “Политика” фондунун директору Вячеслав Никоновдун сөзүнчө, Путиндин визитинен өтө олуттуу бир жаңылыкты күтүп болбойт. Анткени, “Биринчиден, жетекчилик алмашса да, революциялык чоң өзгөрүү күтүлбөйт. Экинчиден, Кытайда эски гвардия бийликте турган кезде, эч кандай олуттуу өзгөрүү болбойт”,- деген пикирде россиялык талдоочу Никонов.
XS
SM
MD
LG