Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

НАТО БОРБОР АЗИЯГА КӨЗҮН БАГА БАШТАДЫ.


Эсенбай НУРУШЕВ НАТОнун Прагадагы саммитинде мурдагы социалисттик лагердин жети мүчөсү,айрыкча Балтикалык республикалардын альянска чакырык алганы экс-советтик башка өлкөлөр үчүн да жакшы перспектива ачкандай болду. Жакынкы жылдарда Түндүк Атлантикалык блокко кошула турганын, мисалы, Грузия билдирди. Ал эми борборазиялык өлкөлөрдө азырынча мындай пландар жок,бирок эксперттер НАТО альянсы аталган регионго да көзүн сала баштады дешет.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун сөздөрү боюнча, болочокто альянсты экс-советтик республикалардын эсебинен кеңейтүү маселесинде азырынча НАТОнун өзүндө деле бир жаңсыл мунаса табыла элек. Ал эми Кыргызстандын болсо альянска кошулуу планы жок, анын жакынкы келечекте пайда болору деле күмөн, деп белгиледи кыргыз министри. Бирок министрдин пикирин макул көрбөгөндөр да бар. Депутат Исмаил Исаков, мисалы, Кыргызстандын, жалпы региондун лидерлери болочокто мындай мүмкүнчүлүктү ойлонуп көрүүгө тийиш деп эсептейт.

Прага саммитиндеги талкууларда региондун өкүлдөрү коопсуздук проблемасы дале күн тартибиндеги башкы маселе бойдон калгандыгын ырасташты. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев баарыдан мурда маң заттарынын аткезчилигин бөлүп көрсөттү. Дал ушул наркозаттардын соодасы, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун айтымында, террористтик структуралардын финансылык колун узартып, алдыңкы аскер технологияларына, массалык кыргын салуучу куралдардын түрлөрүнө, атүгүл атомдук арсеналдарга ээ болуу мүмкүндүгүн арттырып жатат. Проблемаларды бириндетпей, чогуу чаран-чечүү максатында өзбек президенти региондо НАТОнун жардамы менен коопсуздук кырчоосун түзүүнү сунуш кылды. Борборазиядагы бардык өлкөлөр НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасына тартылганын эске алганда, анын рамкасында эки тараптын кызматташтыгын өркүндөткөнгө кеңири мүмкүндүктөр бар. Борборазияга адистешкен эксперттердин бири Дональд Женсендин пикири боюнча, бул регион бүткүл түштүк Азиядагы экстремисттик күчтөргө каршы күрөшүүнүн плацдармы боло алат.

Айтмакчы, белгилүү илимпоз Збигнев Бжезински НАТОну кеңейтүү келечегине токтолуп, альянска Украина менен Грузиядан тышкары Азербайжан да мүчө болуп калышы ажеп эмес деп эсептейт. НАТО азыр, анын көз карашында, геосаясий милдеттерди аркалаган саяси-аскери союзга айланды. Мындай озуйпа анын чыгышты көздөй кеңейүү мүмкүндүгүн тарытпайт, тескерсинче, күчөтөт. Бжезински НАТОну Кошмо Штаттардын таасир көрсөтүү зонасын аныктаган уюм экенин да жашырбайт.

Буга байланыштуу Кытайдын Синхуа маалымат агенттиги жарыялаган комментариядагы айрым бир ойлор кызыктуудай көрүнөт. Синхуа, атап айтканда, кансыз согуш маалында европалык өлкөлөр Варшава келишимине каршы турган фронттун алдыңкы позициясы болгонун белгилейт. Кансыз согуш бүткөн соң Европанын орто жана чыгыш бөлүгүндөгү өлкөлөр атлантикалык стратегияны жайылтуунун алдыңкы чегине айланды. Альянсты андан ары кеңейтүү пландарынан болсо Сунхуа жалпы Евразияны аталган стратегиянын айлампасына тартуу, акыркы эсепте келип Евразияга көзөмөл орнотуу мүдөөсүн көрөт.
Кызыгы - Синхуа өз комментариясында борборазиялык өлкөлөрдүн НАТОго кошулуп калуу перспективасы жөнүндө сөз кылган эмес. Буга караганда ырасмий Пекинде мындай идеянын реалдуулугуна дегеле ишенишпейт өңдөнөт. Бирок, ким билет, кокус эртеби-кечпи региондун өлкөлөрү альянска мүчө болгонго атайын чакырык алып калса, анда Кытайга Россия өңдөнүп буга катуу каяша кылганга да туура келип калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG