Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:17

Кыргызстанга Орусиянын аскерий аба күчтөрү жайгаша баштады


2-декабрда Кант шаарчасындагы аскерий аба майданына убактылуу жайгашуу үчүн Орусиянын аскерий аба күчтөрүнүн Су-25 жана Су-27 үлгүсүндөгү истребитель-учактары келип коноору күтүлүүдө. Ал эми 30-ноябрда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу Орусиялык Ил-76 үлгүсүндөгү эки учак келип конду. Бул тууралуу жекшембиде коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай жайгашуу Коолективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин аэродромдорду биргелешип пайдалануу тууралуу макулдашуусунун чегинде ишке ашууда. Кант аскерий аба майданына жайгашып жаткан учактар Борбор Азиядагы коллективдүү тез аракеттенүүчү күчтөрдүн негизги компоненти катары саналат. Кыргызстанга жайгашуучу аскерий аба күчтөрүнүн кызматкерлеринин жана техникасынын санына, аткарчу милдетине, жайгашуу мөөнөтүнө байланышкан маселелер коргоо министри Сергей Ивановдун Бишкекке иш сапарынын учурунда ачыкталат. Иванов Кыргызстанга 4-декабрда келери күтүлүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG