Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

ИШКЕРЛЕР КЕРТМЕ БАЛЫКТЫ ЭРТЕ ЖУМУРТКАЛАТМАК БОЛУУДА.


Амирбек Азам уулу (Прага) Киреше кууган ишкерлер Казакстандын түндүк батышындагы Урал дарыясында кертме балыктарды өстүрүүчү атайын ферманы курмак болушууда. Балык фермасы адеми балыктын жумуркасын же икрасын алуу үчүн курулмакчы жана бул ферма икраны өндүрүштүк жол менен алуу максатында курулган биринчи ферма болмокчу.

Акча артынан кууган пулдуу ишкерлер Казакстандын түндүк батышындагы Урал дарыясында кертме балыктын (орусча аталышы белуга) жумурткасын (икрасын) жаңы технология менен өндүрүүчү килейген ферма курмак болушууда. Долбоор өтө опуталдуу болгону менен өзүн ылдам актайт деген ишенимде Түштүк Кореялык жана америкалык ишкерлер. Себеби, дүйнөлүк базарда керме балыктын жумарткасынын килосунун орточо баасы 13 миң доллардан кем болбойт.

Буга чейин дүйнөлүк практикада мекире балыктын түрлөрү инкубаторлордо өстүрүлүп жүрсө да, жумуртка кезинен консервага түшкөнгө чейинки циклди камтыган эмес. Ошон үчүн, Уралда курулчу фермада жарыкка келген кертме балыктын тукуму кыска өмүрүн туткунда өткөрөт десек жаңылбайбыз.

Кертме балыктарды сатууга эл аралык рынокто тыйуу салынган. Ага карабай, дүйнөдө өндүрүлгөн балыктын жумурткасынын 95 процентин берчү Каспий деңизинде мыйзамсыз балыкчылыкка катар мунай өндүрүү да ургаалдуу жүрүп жаткандыктан, динозаврлар заманыдан бери келеткан мекире балыктар азыр тукум курут болуу коркунучу астында турат дешет эксперттер.

Ал эми өндүрүшчүлөрдүн айтымында, жаңы ферма марихунандан да кымбат балыктын тукумун жоготпой сактоого мүмкүндүк түзөт деген бекем ишенимде.

Мындай ишеним, жаңы өндүрүштүк технологияга негизделген. Тактап айтканда, табигый шартта мекире 8 – 12 жашка жеткенче тукумдабайт. Бизнесмендер анча мөөнөт күтө алышпагандыктан, алар мекирени (орусча аталашы осетра) дарыянын ийриминде курулчу деңиз суусундай туздуу көлмөдө өстүрмөкчү жана эрте тукудамшы үчүн атайын гормондорду саймакчы. Натыйжада, балык 7 жашка толгондо кымбат баалуу жумурткасын бөлүп алып, базарга чыгарууга мүмкүн болот. Ал эми мекиренин кымбат баалуу эмес түрлөрү тез жетилтчү гормондор сайылса, төрт жылдан кийин эле жумуртка бере баштайт.


Казак бийликтеринин маалымдашынча, 2002- жылы 5 миң тонна жумурткасы алынчу ургаачы кертме балык кармалган. Бул 1977- жылкыдан 98 тоннага за. Кертме балыктын ургаачысынын денесинин 10 проценти кымбат баалуу жумуртка болот.


Совет заманында мекире балыктын түрлөрү көп кармалганы менен, Волга дарыясына курулган суу сактагытардан улам, алар жайкысын дарыя башына көчүп урук таштай албай калган. Бирок, мыйзамсыз балык уулоо азыркыдай кеңири жайылган эмес болчу.

Совет өкмөтү мекиренин тукумун жоготпой сактоо үчүн бир нече балык фермасын курган. Бул фермаларда балык тукумдап көбөйгөндөн кийин алар эркиндикке кое берилген. Бирок, азыр Каспий боюндагы өлкөлөрдүн биринде да асыл балык кертмени коргоо боюнча атайын мыйзам жок.


Бир нече жыл илгери каражаттын тартыштыгына шылтап жабып салынган мекре балыктарын изилдөөчү институттун башчысы, “тирүү энциклопедия”, профессор Абиш Бекешев кертме балыктын жумурткасын гормон сайып көбөйтүүнүн натйжасында түпкү насилине окшобогон мутанттар пайда болот деп кооптонот.
XS
SM
MD
LG