Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

ЕККУ ПАРЛАМЕНТТИК ДЕЛЕГАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ ПАУЛА КОККОНЕН МЕНЕН МАЕК.


Бурулкан Сарыгулова (Бишкек) Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясынын делегациясы 1-4-декабрда Кыргызстанда расмий иш сапары менен болду. Иш сапардын соңунда делегация башчысы, ЕККУнун гендер маселелери боюнча кеңешчиси, Финляндия Парламентинин Конституция боюнча комиссиясынын башчысы Паула Кокконен «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясынын делегациясы 1-4-декабрда Кыргызстанда расмий иш сапары менен болду. Иш сапардын соңунда делегация башчысы, ЕККУнун гендер маселелери боюнча кеңешчиси, Финляндия Парламентинин Конституция боюнча комиссиясынын башчысы Паула Кокконен «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

- Урматтуу Кокконен айым, Сиздин делегация Кыргызстанда бир катар расмий жолугушуулардын катарында Кыргыз президенти Аскар Акаев менен да жолугушту. Ошол жолугушууда оппозициялык маанайдагы саясатчылардын кечээ өзүңүзгө билдирген азыркы бийликке карата дооматтарынын айланасында сөз болдубу?

- Биз оппозиция коюп жаткан айрым дооматтар тууралуу президент менен пикир алыштык. Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча парламентарийлер жана президент чогуу иштешкени менен оппозиция консенсуска келген жокпуз дейт, президент толук консенсуска келдик деген көз карашта. Ошондуктан, мен ушундай кайчы пикирдин жөнүн түшүнүү үчүн Президентке суроо бердим. Мен юристмин, ошондуктан, кыска талаш-тартыштын негизинде кимдики туура экенин аныкташым кыйын. Бирок, менимче, бул өкмөт менен оппозиция ортосунда боло турган кадыресе диалог. Себеби, оппозиция ар дайым өкмөттү кандайдыр бир маселе боюнча айыптап турат да.

Чындык ким тарапта экенин мезгил гана таразалайт. Ал эми Конституцияга байланыштуу болсо чындыгында эле бийлик теориялык жактан эле эмес, практикада да бөлүштүрүлүшү керек.

- Сиз вице-премьер менен болгон жолугушууда юстиция министринин эмне үчүн кызматтан алынгандыгына кызыктыңыз. Берилген жоопко канагаттандыңызбы?

- Ушул эле суроону мен Президентке да бердим. Бардыгы анын ишмердүүлүгү канагаттандырбаганын айтышты. Айрым өлкөлөрдө өкмөттү толугу менен кетиришет, айрымдарында кээ бир министрлерди четтетишет. Менимче премьер-министр өз министринин ишмердүүлүгүнө канагаттанбаса, анда аны кызматтан кетиргендиги акыйкат иш. Себеби, премьер-министр дирижер сымал. Эгер оркестрде бирөө нотаны жалган ойносо, аны башка бирөө менен алмаштыруу керек.

- Делегация Кыргызстандагы демократиялык өнүгүү багытында тигил же бул маселе боюнча кандайдыр бир сунуштарын айттыбы?

- Бул жолу тигил же бул маселени терең иликтеп кандайдыр бир кеп-кеңеш айтууга мүмкүндүк болгон жок. Себеби, биз башка маселе боюнча, атап айтканда, ЕККУ кеңселеринине мониторинг жүргүзүү максатында өлкөлөрдү кыдырып жүрөбүз. Ошентсе да, делегация визити Кыргызстандагы ушундай тарыхый окуяга дал келип калды. Негизи, биз эл аралык парламенттик кызматташтыкка кызыкдар депутаттар катары бул өлкөдөгү талкууларга катышууга даярбыз.

- Урматтуу Кокконен айым, гендер маселесине кызыкдар адам катары Кыргызстандагы аялдардын коомдогу жана саясаттагы ордуна кызыгып көрдүнүзбү?

- Албетте. Кайда барбайын, бул маселеге кызыгам. Мен бул жерде билим берүү министри, үч парламентарий аялдар менен жолугушсам да, силерде аялдар саясатка аз тартылат экен деп түшүндүм. Менимче, силердин өлкөдө аялдардын санын саясатта көбөйтүү керек. Эркекектер саясатты шахмат сыяктуу кызыктуу оюн катары санашса, алардан айырмаланып аялдар, айрыкча, жетилген курактагылар саясатты оюн катары эмес, жаңы муундун келечегин камсыз кылууну көздөгөн салабаттуу иш катары карашат.

- Бизде аялдардын саясий партиясы бар экенин уксаңыз керек? Көз карашыңыз кандай?

- Мындай партиялар Исландия өңдүү айрым мамлекеттерде бар. Менимче, алар анчалык ийгиликке жетише алышкан жок. Мен маселен, өзүм мындай партия түзмөк эмесмин, эркектер менен кызматташып иш алып бармакмын. Биз – аялдар да, эркектер да, келечек үчүн биргелешип иштешибиз керек.
Бирок, айрым бир тарыхый шарттарда аялдардын саясий партиялары да ийгиликтүү иш алып кетиши ыктымал.

- Мегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG