Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

БАТКЕН ОБЛУСУ МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН СОГДИ ОБЛУСУНУН ЧЕГИНДЕГИ БАЖЫ ЖАНА ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИ ДАЛЕ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА.


Шайырбек Эркин уулу

Областык акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 3-декабрда алынган маалыматка караганда Тажикстан өткөн айдын этегинде Жеке-Өтүк жана Сурф бажы постторунун жанына чек ара посторун коюп, көзөмөлдү мурдагыдан да күчөттү. Баткен жана Лейлек райондорун байланыштырган бул жолдогу тажик чек арачылары Кыргызстанга тиешелүү автоунаалардын бардык түрүн узак убакыт кармап, тинтип текшерип, акча берип өтүүнү талап кылышууда. А түгүл буга көнбөгөн айдоочуларды тажик чек арачылары автомат менен түрткүлөп, урганга дейре барууда. Ошол эле учурда кыргыз тарап да кошуналардын өздөрүнө жараша чара көрүп, Тажикстандын Ворух анклавына жакын жерге ушундай эле постторды коюп, Ляккан айылы менен Баткендин Кара-Бак айылын байланыштырган жолду биротоло казып салды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG