3-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны социалдык багыттагы бир катар мыйзам долбоорлорун кароого киришти. Бул күнү эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга пособие берүү үчүн, алардын жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндөгү» жобону бекитип берүүнү парламентарийлерден өтүндү. Жободо жарандардын мал-жандыктарды, жерден тапкан кирешесин толук эсептөө, алардан салык алуу жагы белгиленген. Депутаттар, бул жобо элдин таламына каршы келерин эскертип, аны кайрадан иштеп чыгууга жиберишти. Ушул эле күнү палата депутат Азимбек Бекназаровдун сунушу боюнча «Калкты иш менен камсыз кылууга жардамдашуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карады. «Азыркы мыйзам боюнча бир жарандын үлүшкө алган 4 сотых жери болсо, ал жумуш менен камсыз болгон деп эсептелет. Бул туура эмес. Ар бир адамдын кеминде 18 сотых суулуу жери болсо гана аны жумуш менен камсыз болгон деп эсептеп, жана мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизүү керек» деп сунуштады депутат. Бирок өкмөттүн өтүнүчү менен бул маселе кошумча иликтенмек болду. Шейшембиде мыйзамчылар «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамды биринчи окууда кабыл алышты. Анда эмгекти коргоо фунциясы мамлекеттик органдарга кайрадан жүктөлгөн.