Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

РОССИЯНЫН КОРГОО МИНИСТРИ КАНТ АБА МАЙДАНЫН ТЕКШЕРИП КӨРӨТ.


4-декабрда Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Сергей Иванов келет. Ал Канттагы аскерий аба майданын көрүп, анын инфраструктурасы менен таанышат. Ивановдун сапары учурунда кандайдыр-бир документке кол коюлбайт. Бул тууралуу шейшембиде маалымдаган Россиянын Кыргызстандагы аскерий өкүлү генерал-майор Владимир Вармалеефдин билдирүүсүнө караганда, келечекте Кыргызстандын Кант аба майданында 5 СУ-25 жана 4 СУ-27 аскерий учактары жайгашат жана алар Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан учуп келишет. Ал эми Кыргызстандын коргоо министринин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевдин 3-декабрдагы маалымдоосуна караганда, 2-декабрда келүүсү күтүлгөн Россиянын төрт аскерий учагы аба ырайынын бузулушуна байланыштуу Кант аба майданына учуп келе элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG