3-декабрда Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери аркылуу билдирүү менен чыгып, анда «Моя столица» гезитин , сепаратистик идеяларды таратууда, кээ бир инсандарды куугунтуктоодо, калп маалыматтарды таратууда жана адамдардын патриоттук сезимдерин маскаралоодо деп айыптады. «Гезиттин мындай саясаты мамлекет үчүн коркунучтуу, буга биз акыл-эстүүлүктү, патриоттуулукту каршы коюшубуз керек, деп белгиледи мамлекеттик катчы. Ал эми «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким шейшембиде мамлекеттик катчынын билдирүүсүн таң калыштуу деп атап, анда баары баш-аягы алмашылып коюлган деп билдирди.