Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

КИПР, ТҮРКИЯ ЖАНА ЕВРОСОЮЗ.


Улан Алымкул уулу. (Прага) Келерки аптада Данияда Европа биримдигинин кезектеги саммити өтөт. Анда Чыгыш жана Борбордук Европанын он өлкөсү Европа Биримдигине кирүүгө чакырык алышы күтүлүүдө. Талапкер өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп азырынча Кипр гана уюмга кирүүнүн шарттары боюнча Европа Биримдиги менен толук мунасага жеткенин жарыялады. Ал эми мунун аралыгында эки бөлүнүп калган Кипр аралын Бириккен Улуттар Уюмунун планына ылайык бириктирүү аракети көрүлүүдө. Кипр – Европа Биримдиги менен уюмга кирүүгө талаптанын жүргөн Түркиянын мамилеси жакшырышына жолтоо болгон негизги тоскоолдуктардын да бири.

Кипр 12-13- декабрь күндөрү Копенгагенде өтө турган саммитинде 2004- жылдан тарта уюмга кошулууга расмий чакырык алса, буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык Европа Биримдигине аралдын грек бөлүгү гана кире алат. Бирок, Кипрдин Европа Биримдиги менен сүйлөшүү жүргүзүп келген өкүлү Георгиос Василиунун айтымында, эгер БУУ нун соңку планынан натыйжа чыгып, эки бөлүнүп калган арал кошулса Европа Биримдиги менен жетишилген макулдашууларды тез эле Кипрдин түрк бөлүгүнө да жайылтса болот. Айтор, бул убакыттын маселеси.

Апта башында Брюсселде Европа Биримдигине кирүүгө талапкер болгон он өлкөнүн ичинен Кипр алгачкылардын болуп уюмга кошулуунун финансылык жана башка негизги шарттары боюнча мунасага жеткени жарыяланды. Кипрдин өкүлү Георгиос Василиу билдиргендей, алар Европа Биримдиги менен айыл -чарба дотацияларынын өлчөмү боюнча да макулдашууга келди.Талдоочулардын пикиринде, Кипрдин Европа Биримдигине кошулушу чечилген маселе экенине карабай, эки ортодогу сүйлөшүүлөрдүн аякташы бир жагынан бул өлкөнүн турумун бекемдегендей болду. Себеби, Кипрдеги узактан берки саясий чатак чечилмейинче Европа Биримдигине кирүү жараяны токтотулабы деген күмөнсүнүүлөр жок эмес эле.

Учурда БУУнун баш катчысы Кофи Аннан тарабынан сунуш кылынган соңку планга ылайык Кипрдин грек жана түрк бөлүктөрүн бириктирүү аракеттери көрүлүп жатат. Алар эки бөлөк жашаганына отуз жылдан ашып калды. Кипрдин расмий өкүлү Георгиос Василиунун ишениминде, бул жараян жакын арада же Копенгаген саммитине чейин эле бүтөт деп айтуу кыйын:
«Мен чын эле билбейм. Себеби, мен Түркия тарап жыйынтыгында кайсыл урумду карманаарын айта албайм. Мен силерди биздин тарап чечимге келүүгө дилгир экенине гана ынандыра алам. Тилекке каршы, Түркия жана түрк кипрлеринин лидери Денкташ кеч жооп берди, көп убакытты текке кетирди. Азырынча алар сүйлөшүүлөрдүн негизи катары Аннандын планын кабыл алганын гана билдирди. Эми алардын тезирээк аракеттенүү мүмүнкүчүлүгү бар»,- деди грек кипрлеринин өкүлү Георгиос Василиу.

Албетте, Кипрдеги саясий чатактын чечилиши өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусун жеңилдетмек. БУУнун планына ылайык Кипрдин аймагында өкмөтүнүн модели Швейцарияныкына окшош өлкө түзүлүш керек. Кипрдин эки бөлүгүнүн өкмөттөрүнө кеңири укуктарга ээ болуу менен катар федералдык деңгээлде бир өлкөгө айлануу сунушталууда. Ал эми мамлекетти башкаруу үчүн БУУнун планына ылайык өкүлдөрүнүн саны эки жактан тең бирдей болуп, алты адамдан турган президенттик кеңеш түзүү, ар бир он ай сайын президент менен вице- президентти ротациялап туруу каралган.

Кипр - Түркия менен Европа Биримдигинин мамилесиндеги негизги тоскоолдуктардын бири. Маселен, Анкара Кипрдин грек бөлүгү өз алдынча эле Европа Биримдигине кошулуп кетишине каршы жана мындай болсо Кипрдин түндүк тарабын өзүнө кошуп алаарын билдирген. Ошондой эле Түркия өзүнүн Европа Биримдигине кошулушу үчүн сүйлөшүү башталуучу мөөнөт белгиленишин талап кылууда. Расмий Анкара бул мөөнөт Копенгагендеги саммитте аныкталабы деп үмүттөнөт.

Европа Биримдигинин мүчөсү Греция болсо, кокус Кипр Европа Биримдигине биринчи толкунда кошулбаса уюмдун кеңейүүсүнө каршы тураарын ачыктаган.

АКШнын БУУ дагы мурдагы элчиси, 1997-99-жылдары президент Клинтондун Кипр боюнча атайын өкүлү болуп иштеген дипломат Ричард Холбрук «International Herald Tribune» гезитинде жарыяланган макаласында жазгандай, бул чиеленишкен маселенин үч түйүнү бир убакта чечилсе оң болмок. Бул үчүн Копенгаген саммитинде Кипр Европа Биримдигине кирүүгө чакырык алышы, Түркия үчүн Евросоюз менен сүйлөшүү башталуучу мөөнөттүн белгилениши жана Кипрдин эки бөлүгү БУУ нун планы боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү башташы абзел. Ал эми Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу ниетин кубаттап жаткан АКШ администрациясы, өз кезегинде, Анкарага Кипр маселесинде тезинен сүйлөшүү баштоосу үчүн кысым көргөзгөнү ылайык.

XS
SM
MD
LG