Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

ИРАК МАСЕЛЕСИ КУРЧУУДА.


Нарын АЙЫП. (Прага) 2-декабр күнү Америка кошмо штаттарынын президенти Джордж Буш Ирак жетекчилигин катуу сынга алды. Вице-президент Дик Чейни дагы: Ирактын кеңири кыруучу куралдарын жок кылмайынча, эл аралык террорго каршы согуш да ийгиликке жетпейт, - деп жарыялады. Анткен менен, бир аптадан бери Иракта иштеп жаткан Бириккен улуттардын текшерүүчүлөрү азырынча андай куралдар бар экендиги тууралуу далил таба элек.

1998-жылы Ирактан кууп чыгарылган эл аралык текшерүүчүлөр өлкөгө 28чи ноябр күнү кайтып келди жана ар башка ишканалар менен мекемелерди текшерүүдө. Азырынча алардын ишине Ирак жетекчилиги тоскоолдук кыла элек, бирок инспекторлор - өлкөдө кеңири кыруучу курал өндүрүлүп жаткандыгы тууралуу далил да тапкан жок. Тек кана, 2-декабр күнү алар Багдад шаарынын Карама аймагындагы ракета чыгаруучу ишканага барганда, мурдагы инспекторлор коюп кеткен видеокамералар жана башка аспаптар жоголгонун белгилешти. Бирок андан бери төрт жыл өттү жана ал аспаптар - батыш учактары тарабынан болгон бомбалоодон да жок болгону мүмкүн.

1-чи декабр күнү америкалык жана британиялык учактар Ирак аймагын дагы бир жолу бомбалады жана Ирак өкмөтүнүн айтымында, андан төрт карапайым адам курман болду. Бул окуя боюнча Орусия дагы өз нааразычылыгын билдирди, бирок Ирактагы негизги маселе азыр - Багдад өзүнүн текшериле турган аскерий ишканаларынын тизмесин бериш керек, деген милдеттин айланасында болууда.

Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган резолюция боюнча, Ирак өкмөтү андай тизмени 8-декабрга чейин жарыялаш керек. Бирок эл аралык эксперттердин айтымында, Багдад өз жарыясында: кеңири кыруучу курал Иракта азыр чыгарылбайт, - деп, - текшергиңер келсе, баланча ишканаларды текшергиле, - деп айтат. Ал ишканалар болсо, - аскерий да, аскерий эмес да максатта колодонууга мүмкүн лабораториялар болушу мүмкүн, алардын баарын текшерип чыгуу үчүн абдан көп убакыт кетет жана Ирак кайрадан эле убакыт созуп жаткан болуп чыгат.

Дал ошол себептен АКШ президенти Джордж Буш кайрадан Ирак жетекчилигин катуу сынга ала баштады. 2-декабр күнү ал Пентагонго келип, эл аралык терроризмге каршы согуш жүргүзүүгө кошумча каражат бөлүү маселесин талкуулаганда, Ирак маселесин дагы көтөрдү. Анын айтымында, Cаддам Хусейн күнөөнү мойнуна алууга тийиш жана ал өз милдеттенмелерин аткарган же аткарбаганын - Америка кошмо штаттары чечет:

"Инспекторлордун милдети - Ирактын кеңири аймагында жашырылып жаткан куралдарды табуу эмес, алар андай милдетти аткара да албайт. Текшерүүчүлөр - өлкөдө ыктыярдуу негизде кеңири куралсыздануу башталган-башталбаганын текшерүү. Андай далилдерди - Саддам Хусейн берүүгө тийиш".

Мындай мамиле менен Иракка каршы согушту - өлкөдө кеңири куруучу курал өндүрүлүп жаткандыгы тууралуу далилдерди инспекторлор таппаган учурда дагы баштоо мүмкүн жана эксперттердин айтымында, согуш эмдиги жылдын башында башталат. Америкалык вице-президент Дик Чейни дагы 2-декабр күнү Колорадо штатындагы жыйында чыгып сүйлөп: Ирак өз куралдарынан баш тартмайынча, эл аралык терроризмге каршы күрөш да ийгиликке жетпейт жана АКШ, керек болсо, атайын коалиция түзүп, Иракты күч менен куралсыздандырат, - деп жарыялады.

Ошол эле 2-декабр күнү президент Буш - өзүнүн Ооганстан боюнча өкүлү Залмай Хализадды "эркин ирактыктар" менен байланыш түзүү боюнча өзгөчө элчи кылып дайындады. Мындан ары Хализад - Ирак оппозициясы менен сүйлөшүү жүргүзүп, Саддам Хусейнден кийинки Ирактагы абалды жөнгө салуу маселелери үчүн жооптуу болот. Декабрдын ортосунда болсо, Лондон шаарында - Ирактын алты оппозициялык уюмунун жолугушуусу өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG