Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

ГЛОБАЛИЗАЦИЯ ЖАНА АДАМ УКУКТАРЫ.


Нарын АЙЫП. (Прага) Бириккен улуттардын адам укуктары боюнча мурдагы жогорку комиссары Мэри Робинсон "Айриш Таймз" аттуу гезитте 3-декабр күнү адам укуктары боюнча ири макала жарыялады. Анын айтымында, дүйнөдө глобализация кеңири тараган сайын, адам укуктары тармагында жаңы маселелер пайда болууда.

Мэри Робинсон акыркы бир нече жылы - Бириккен улуттардын адам укуктары боюнча жогорку комиссары болуп иштеген жана өткөн сентябрда кызматынан кеткен. Азыр ал - "Оксфам Интернешнл" аттуу уюмдун ардактуу президенти болуп иштеп, өзү негиздеген "Этикалык глобализация" аттуу долбоорду жетектейт.

Мэри Робинсондун айтымында, акыркы мезгилде кээ бир мурдагы диктаторлорго каршы көрүлгөн аракеттер, мисал үчүн, Чилинин мурдагы диктатору Аугусто Пиночет же Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичти соттоо жараяндары - адам укуктары жөн гана кайсы бир мамлекеттин ички иши эмес, аны бүткүл эл аралык коомчулук биргелешип чече турган маселе болуп баратканын көрсөтөт. Аны андан да жогору деңгээлге көтөрүү үчүн, акыркы мезгилде байкалган өкмөттүк эмес уюмдардын, диний жана ишкер бирикмелер ортосунда башталган кызматташууну күчөтүү керек.

Кээ бир өлкөлөрдөгү адам уккутарынын орой бузулгандыгын - биргелешкен аракет менен гана оңдоо мүмкүн. Мисал үчүн, Балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга - дүйнөнүн дээрлик бардык 191 мамлекети кол койгон, бирок көптөгөн мамлекет - балдарды азык-түлүк, билим берүү жана медициналык жардам менен камсыз кылуу шарттарын аткарбайт. Ошондой эле, дүйнөнүн 170 мамлекети - Аялдардын укуктарын коргоо боюнча конвенцияга кол койгонуна карабай, аялдарды дискриминациялоо көптөгөн мамлекеттерде дагы эле уланууда.

Дүйнө мамлекеттеринин өздөрү өз ыктыяры менен алган милдеттенмелерди аткарбаганы акыркы мезгилде улам кеңири жараянга айланууда жана ага жогорку деңгээлде бөгөт коюлбаса, эл аралык келишим менен конвенциялар эч нерсеге жарабаган кагаздарга айланып кетиши мүмкүн.

Мисал катары Мэри Робинсон Индонезияны келтирет. Бүл өлкө калкынын жарымына жакыны - 100 миллиондун тегерегиндеги адам - азыр жакырчылыкта жашайт, 39 миллион киши жумушсуз, мамлекеттин тышкы карызы 300 миллиард долларга барабар, ал эми өлкөдөгү бир миллион 300 миң өспүрүм билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ушундай эле абал - Руанда, Сиерра Леоне же Колумбияда да түзүлгөн, ал эми дүйнөдөгү 900 милионго жакын адам сабатсыз.

Бирок, Мэри Робинсондун айтымында, маселе - жөн гана тиги же бул өлкөнүн жетекчилигинин жөндөмсүздүгүндө эмес, маселе - бүткүл дүйнөлүк жалпы абал менен дагы байланыштуу. Мисал үчүн, эл аралык соода тартиптери дүйнөдө азыр бир топ калыптанган жана анын эрежелери боюнча, өнүккөн мамлекеттер арасындагы соода тартиптери - өнүккөн жана өнүкпөгөн өлкөлөр ортосундагы эрежелерден бир кыйла жеңил. Ошондуктан, өнүкпөгөн мамлекеттер эл аралык базарга оңой менен чыга албайт. Робинсон айымдын эсеби боюнча болсо, эгерде өнүкпөгөн өлкөлөрдүн бир жылдык экспорту бир гана пайызга көтөрүлсө, дүйнөдөгү 128 миллион адамды жакырчылыктан куткарса болот, алардын 70 миллиону - Африка мамлекеттерине туура келет.

Түзүлгөн мындай теңсиздикке, Мэри Робинсондун пикири боюнча, дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттери дагы жооптуу. Мисал үчүн, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү айыл чарбада бир уйду кармоого корогон каражат - ошол эле Европа Биримдиги тарабынан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин бир жаранына берген жардамынан он эсе көп.

Мэри Робинсондун айтымында, мындай абалды оңдоо үчүн, биринчиден, адам укуктарын бузган диктаторлорду жоопко тартуу жолдору табылууга тийиш. Экинчиден, дүйнөлүк глобализациянын кесепеттерин жоюуу үчүн дагы эл аралык коомчулук чечкиндүү биргелешкен аракет көргөнү жакшы.
XS
SM
MD
LG