Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИН ЭЛДИН ҮМҮТҮН АКТАЙ ЭЛЕК, БИРОК ИШЕНИЧТЕН ДА ЧЫГА ЭЛЕК.


Орусиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун соңку иликтөөлөрү калк арасында президент Владимир Путиндин саясатын колдогондор 83%ды түзөөрүн көргөздү. Бул көрсөткүч – андан мурунку айларга салыштырмалуу орус президентинин аброю кыйла көтөрүлгөнүн айгинелейт. Эксперттер – Путиндин кадыры Москвадагы барымта кризисинен кийин бекемдей түшкөнүн белгилешет.

Чет элдик эксперттер Орусиядагы социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, калк арасында өлкө президентинин аброюнун өсүшүн Москвадагы барымта кризиси менен байланыштырууда. Аналитиктердин баамында, бул жагынан Путиндин абалы Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштукуна окшошуп кетет. Көпчүлүк америкалыктар президент Буштун тышкы саясатын сындаганы менен, иш жүзүндө маанилүү учурларда ага ишенич артып, Республикачыл партияга колдоо көрсөтүүдө. Буштун кадыры өткөн жылкы 11-сентябрдагы теракттардан кийинки аракеттерден улам кыйла күчтөнсө, президент Путин да кезегинде Чеченстандагы экинчи согуштук кампаниядан улам шайлоодо жеңишке жетишип, чоң саясатка аттанган.

Андан бери бирок, орусиялыктардын калың катмары жыргап-куунап кеткен жок, коомдун бай жана кедей катмарга жиктелүүсү андан ары уланып-тереңдеди. Ансыз да каржалган экономикага жүгүн арткан Чеченстандагы аскерий кампания токтой элек, учу-кыйры көрүнбөй, али уланууда. Ошого карабастан, Бүткүл Орусиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун сурамжылоосу көргөзгөндөй, ноябрда орус президентин колдогондордун саны калктын 83%ын түзүп, мурунку айларга салыштырмалуу анын аброю 7-8 пайызга чейин өсүп кеткен.

Көпчүлүк аналитиктер президент Путиндин Москвадагы барымта кризиси учурунда катуу туруп, чечен согушкерлеринин ниетин жокко чыгарып-жазалаганы калың элге жакканын айтышат. Театрдагы барымтадан 800дөй кишини куткаруу учурунда Орусиянын атайын кызматтары колдонгон газга ууланып, 129 адам мерт болду. Ошентсе да, Москвалык социолог Борис Кагарлицкий айткандай, калың эл ага да кайыл болуп, аскерлер чечен согушкерлерин күм-жам кылып, театрды бошотконун кызуу кубаттап жатышты. "Үрөйү учкан эл театрга ууланган газдын жардамы алдында чабуул коюлганын колдоп жатты. Бийликтегилердин аракетин унчукпай колдогон эл анан кайра нааразы болмок беле", - дейт социолог Кагарлицкий.

Мамлекеттик Думанын депутаты, "Либералдык Орусия" партиясынын лидерлеринин бири Виктор Похмелкин болсо, өлкөдөгү толгон-токой проблемадан тажаган элдин көзүнө президент Путин үмүттүн чырагындай көрүнөөрүн айтат. "Созулуп кеткен өткөөл мезгилден, социалдык терең жиктелүүдөн, экономикалык бейстабилдүүлүктөн көңүлү кайткан эл акыркы үмүтүн мамлекет башчыга артууга аргасыз". Москвалык либерал-саясатчы жашоодогу жаман-жакшы көрүнүштөрдүн баарын өлкө башчысы менен байланыштыруу – Орусияда тарыхый калыптанган салт экенин белгилейт. "Азыркыдай терроризм коомдук коопсуздукка коркунуч келтирип турган чакта эл экономикадан мурун тынч жашоону эң алдыга коюп, президенттен стабилдүүлүктүн кепилдиги болушун күтөт. Бирок, экономикалык, социалдык жактан алдыга жылыштар жасалбаса, келээрки шайлоодо президент Путинге жеңишке жетиш өтө кыйын болот", - дейт депутат Похмелкин.

Айткандай эле, ошол эле Орусиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун маалыматы боюнча, калктын 52%ы президент Путинге ишенээрин билдирсе, 15%ы азыркы өкмөткө ишеничин толук жоготконун айтышкан. Ошондой эле Путиндин экономикалык саясатына сырамжылангандардын 33%ы гана канааттанып, 62%ы – Кремль экономиканы башкара албай калды деген пикирин маалымдашкан. Эң негизгиси, калктын 73%ы – Путин чечен козголоңчуларынын аракеттерин басууга кудуретсиз экенин көрсөттү деп эсептешет. Андыктан, эксперттер өлкөнүн коопсуздугун бекемдөө жаатындагы аракеттеринен улам көкөлөп кеткен Орусия президентинин калк арасындагы кадыры өтө опурталдуу абалда экенин белгилешет. Башкача айтканда, Владимир Путин жаңыдан президент болуп шайланганда элдин ага ишенип-арткан үмүтү баштагыдай жаркырап жанбаса да, биротоло өчө элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG