Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Премьер-министр менен укук коргоочунун соту кийкинкиге калтырылды.


БИШКЕК. 4-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер министр Николай Танаевге каршы берген арызын карап, тараптарды жарашууга чакырды.Турсунбек Акун, эгерде Николай Танаев ачык кечирим сураса, элдешүүгө барууга даяр экенин билдирди. Ал эми сотко катышып жаткан премьер-министрдин адвокаты Николай Жучков бул маселе боюнча Танаев менен кеңешүүсү керектигин билдирип, сотту кийинки мөөнөткө жылдырууну өтүндү. Сот анын өтүнүчүн кабыл алып, 17-декабрда ишти кайрадан карай баштаарын белгиледи. Премьер-министр Николай Танаевдин 9-сентябрдагы пресс-конференцияда «каерде Акунов болсо ошол жерде кан төгүү жана баш-аламандык» деген сөзү үчүн Турсунбек Акун премьер-министрди сотко берип, моралдык зыяны үчүн өз пайдасына 1 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG