Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Кыргыз өкмөтү Улуттук стратегия менен Дүйнөлүк банкты тааныштырат.


БИШКЕК. Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу боюнча кыргыз өкмөтү өткөн жумада кабыл алган улуттук стратегия ушул айдын аягында Дүйнөлүк Банктын Вашингтондогу башкы кеңсесине жиберилет. Мындай маалымат 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда, Улуттук стратегияны Дүйнөлүк Банктын тиешелүү тармак жетекчилиги карагандан кийин аны алдыдагы үч жылда ишке ашыруу үчүн банк 130 миллион доллардан 170 миллион долларга чейин каражат бөлүшү күтүлүүдө жана анын 29 проценти грант түрүндө берилет деген маалымат бар. Алынган каражат болсо СИСАК программасы боюнча энергетика тармагы менен ишкер чөйрөнү жакшыртууга жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жумшалмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG